Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » 18-майда Улуттук тарых музейинде «Музейдеги түн» акциясы ѳтѳт
Янгиликлар

18-майда Улуттук тарых музейинде «Музейдеги түн» акциясы ѳтѳт

Май 14, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  18-майда саат 17.00дѳн 22.00гѳ чейин Улуттук тарых музейинде «Музейдеги түн» акциясы ѳтѳт.

Маалым болгондой, иш-чара Эл аралык салттуу музейлер күнүнүн алкагында жана музейдин 100 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.

Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири – Улуттук тарых музейдин масштабдуу 10 миңден ашуун кѳптѳгѳн кѳрүүчүлѳрдүн катышуусу күтүлгѳн акцияда бир эле мезгилде 70ге жакын иш-чара уюштурулары кабарланды. Музей кѳрүүчүлѳрү жана сүйүүчүлѳрү үчүн экспозиция залдарында «космос дүйнѳсү» авиация моделдери, улуттук оюндар, живопись, аплликация, скульптура ж.б. түрдүү ѳнѳрлѳр боюнча мастер-класстар менен дүйнѳ элдеринин маданий ѳзгѳчѳлүктѳрүн чагылдырган кытайдын музыкалык аспаптары, кийимдери каллиграфиялык сулуу жазуу ыкмасы, чай ичүү церемониясы, япон элинин бий элементтери, дзюдо чыгыш ѳнѳрү, элдик оюндары ж.б. боюнча чеберлердин кызыктуу программаларды тартууланып, оюндар ойнотулат.

Иш-чаранын алкагында манас айтылып, комузчулардын күүлѳрү аткарылып, ар улуттун бийлери бийленет жана Азия инновоциялык колледжинин чыгармачылык коллекциялары, №17 Кесиптик лицейдин жана Сүймөнкул Чокморов атындагы №10 кесиптик лицейдин жаш дизайнерлеринин салттуу жана заманбап кийимдери кѳрсѳтүлѳт.

«Кийиз дүйнѳ» коомдук фондусунун кыргыз улуттук кийимдеринин ѳзгѳчѳлүктѳрү тааныштырылат. Уз чеберлер кыргыздын салттуу элечек ороо, калпак жасоо, кыздын чачын ѳрүү, жүн сабоо, устачылык, упай, чүкѳ, топ таш ойноо, тогуз коргоол, сыяктуу эзелки элдик ѳнѳрлѳрүн, оюндарын кѳрүүчүлѳргѳ үйрѳтѳт. Баланы бешикке салуу салты, куурчак кѳргѳзмѳсү, сүрѳт тартуу, айкел жасоо, графика, макет, акриль сындуу ѳнѳрлѳрдүн мастер-класстары аткарылат.

Атайын салтанаттуу жыйындар залында Кыргызстандагы археологиялык изилдѳѳлѳр жана согуш темасы боюнча тасмалар кѳрсѳтүлѳт. Улуу Жеңиштин 80 жыл толушуна арналган кѳргѳзмѳ кѳрүүчүлѳргѳ сунушталат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleНерв системасын кубаттай турган 4 жемиш
Next Article Ош облусунда бир жумада укук бузган 209 жаранга чара көрүлдү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.