Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » 4 баланын Бермет Мусаева айылда жашап, күнүнө 1 тонна сүт иштетип азыктарды жасап жатат
Янгиликлар

4 баланын Бермет Мусаева айылда жашап, күнүнө 1 тонна сүт иштетип азыктарды жасап жатат

Апрель 28, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылынын 34 жаштагы тургуну Бермет Мусаева сүт азыктарынан продукцияларды чыгарып, 4 баласын багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Сузак районунун кызы.

«Таласта жашап жатканыма 15 жылдын жүзү болду. Айтматов районунун Үч-Булак айылынын келини болчумун. Тилекке каршы жолдошум экөөбүз 3 жыл мурун эки ажырым жолго түшкөнбүз. 2 уул 2 кызым бар. Аларды ушундай адал эмгек менен багып жатам десем болот.

Сүт азыктары менен иштеп баштаганыма көп эле жыл болду. 2016-жылы эле үйдө 5 уй саап, сүттөн ар кандай каймак, айран, сары май жасап, райондун борборундагы дүкөндөргө өткөрүп кетчүмүн. Жумушсуз отура бербей, аракет кылалы деп баштаган элек. Ал учурда чет жака иштеп кетели десек, балдарыбыз жаш болчу. Анан ушул иш менен оокат кылчубуз. Казанга кайнатып, колго сүт тартып жасачумун. Кийин өзүмчө балдар менен квартирага чыктык. Баары чоңоюп келе жатат, көбүрөөк акча керек болуп, ушул ишти колго алып, атайын таңгак ойлоп таап, таза натуралдык азыктарды чыгара баштадык. Азыр күнүнө 1 тонна сүттү иштетебиз.

Жаш ишкерлерди колдоо долбоорлорунун аркасынан пайызы арзандатылган насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ушул жылдын март айында гранттык негизде «Хонда Стрим» унаасын алдым. Бул мага абдан мотивация болду. Учурда продукциябызды Айтматов жана Манас районунун дүкөндөрүндө сатылып жатат. Сары май, сүт, айран, куруттун түрү, каймак жасалат. Ар биринин баасы дагы айыл элине ыңгайлуу десем болот. Эң негизгиси натуралдык азыктар, таза шартта жасалат. Каймактын 150 граммы 80 сомдон башталат. Курут атайын идиште салынганы граммына жараша 300 сомдон жогору. Сары майдын 1 кг 850  сомдон, айрандар 1 литр 55-60 сомдон жогору идиштерде салынып сатылат.

Сүт тез бузулуучу азык болгондуктан, жайында ташыган кыйыныраак. Былтыр  грант аркылуу 5 муздаткыч алып, атайын ири дүкөндөргө орноттук. Өтпөй калган азыктарды ошол жерде улам алмаштырып турабыз», – деди ал.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous Article«Фронттон кат»: 11 күн бою кызыл чоктун арасында жүрдүм,
Next Article Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга келет

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.