Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » 40 жыл чогуу жашаган жубайлар бактылуу жашоонун сырын айтып беришти
Янгиликлар

40 жыл чогуу жашаган жубайлар бактылуу жашоонун сырын айтып беришти

Май 4, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылынын тургундары 64 жаштагы Кеңешбек Жаманкулов менен 58 жаштагы Гүлжан Акматова. Алар менен аймактык кабарчы маек курду.

Жубайлар 40 жылдан бери чогуу түтүн булатып жашап келе жатышат.

«Биз 1985-жылы 30-апрелде үйлөнгөнбүз. Быйыл буйруса 40 жыл болот. Экөөбүз 1984-жылы таанышканбыз. Мен жолдошум иштеген автобазага практикага келгем. Анын кол алдында бир топ кыздар менен практика өтөп кеттик. Аны жолдошум болуп калат деп ойлогон эмесмин. Анан 1985-жылы окууну аяктап, шаардык ГАИге жумушка киргем. Айылга ата-энеме келип кетип бара жатсам ошол автобазанын жетекчиси жолдон жолугуп калды. Ал экономисттин жумушун сунуш кылып, ошол жерде калып калдым. Ошентип кайрадан жолдошум менен кесиптеш болуп калдым.

Экөөбүздүн үйлөнгөнүбүз кызык болду. Мени “тай эжеңдин үйүнө чейин узатып коёюн, кеч болуп калды” деп өзүнүн үйүнө жөө киргизип койгон. Жолдошума жылуу сезимдерим болгон үчүн көнүп калып калдым. Кайын атам, кайын энем өтө мыкты кишилер эле, алар менен 3 жыл чогуу жашадык. Бизден кичүү кайним үйлөнгөндө өзүбүздүн кезекте туруп алган 1 бөлмөлүү батирибизге көчүп кеттик. Ал батирде экинчи балабыз төрөлгөнчө жашап, аны 2 бөлмөлүү кылып чоңойттук. 1993-жылы үчүнчү кенже кызыбыз төрөлгөндө жер там алып, жолдошум экөөбүз үй куруп, киргенбиз.

Экөөбүз тең үзгүлтүксүз бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатабыз. Жолдошум Фрунзедеги Автомобиль-жол техникумун бүткөн. Автобазада улук диспетчер кийин «Акжолтранс» ЖЧКсында жетекчи болуп иштеди. Автобазада жалпы 30 жыл кызмат кылып, азыр жеке ишкерлик кылат. Мен 1985-жылдан бүгүнкү күнгө чейин тынымсыз иштеп келе жатам», – дейт ал.

Эмгек жолу:

– Киров автобазасында инженер;

– Киров нефтибазасында башкы бухгалтер;

– Башкы бухгалтердин орун басары;

– Киров районунун прокуратурасында бухгалтер-ревизор;

– Кара-Буура райондук балдарга билим берүү борборунда директор;

– Кара-Буура райондук маданият бөлүмүнүн башчысы;

– Учурда Кыргызстан аялдарынын демократиялык уюмунун Талас облусу боюнча ментор, Айтматов районунун координатору;

– Кара-Буура айылдык аялдар кеңешинин төрайымы.

Чыгармачылыкка, маданиятка болгон сүйүүсүнөн улам 6-классында аккардеон тартчу.

«Ата-энем бизге кичинекей кезибизден адептүүлүккө, эмгекке, каада-салтты сактоого үйрөтүшкөн. Кичинекей кезибизден эле атам “адамдарды ыраазы кылгыла, айланадагы эл ыраазы болбосо, жашооңор жакшы болбойт” деп айтчу. Ошол сөз кичинебизден сиңип калыптыр. Өзүмдүн апам 52 жашында каза болуп калган. Кайын апам мага өзүмдүн апамдай эле болду. Жолдошум экөөбүз меники сеники дебей жакшы караганга аракет кылдык. Жума сайын кайын апамды жакшы тамак кылып чакырып, баняга түшүрүп турчубуз. Белектерди берип, көзү өткөнчө батасын алганга аракет кылдык. “Кудагыйыма рахмат, мага сендей кызды тарбиялап бергенине” деп такай айтат эле. Азыр өзүмдүн келиним дагы мыкты. Колубузда жалгыз келинибиз бар. Баарын ойдогудай жасайт, бүлөбүзгө жакшы кыз келген деп сүйүнүп калам. Келинге кайненелик каар көрсөткөн жокмун, өзүмдүн кызымдай эле.

Жолдошум экөөбүздүн жетишкендигибиз бул уул кыздарыбыз, неберелерибиз. 2 кыз 1 уулду тарбияладык. Баары тең жогорку окуу жайды кызыл диплом менен аякташты. Баары ийгиликтүү иштеп жатышат. Учурда 6 неберебиз бар, аларга кеп-кеңештерибизди айтып, ошолордун жакшы күндөрүн көрсөк дейбиз», – дейт Гүлжан айым.

Жубайлар ушул убакка чейин акчаларын бири-биринен жашырышкан эмес.

«40 жыл аралыгында жолдошум экөөбүз катуу кыйкырышып урушкан жокпуз. Аял башкарат, эркек башкарат деген түшүнүк дагы жок болду. Кандай маселе болбосун экөөбүз ортого коюп, акылдашып иш кылабыз. Бири-бирибизден 1 сом акчабызды дагы жашырып көргөн жокпуз. Баарын ортого коюп, “бул жакка жумшайбыз” деп максаттуу колдонобуз.

Балдарыбызга дагы ушундай кеңеш беребиз. Бекем үй-бүлө болуш үчүн бири-бириңди сүйүш керек. Сүйүү болгон үй-бүлөгө эч нерсе тоскоол боло албайт. Сүйүп турсаң, сый дагы болот, сезим деген улук нерсе да. Сүйгөн адамыңдын жүрөгүн оорутуп албайын деп катуу сүйлөбөйсүң, аяп, кадырлап жашайсың. Бири-бириңе болгон ыраазычылык бул бактылуу жашоо деп эсептейм. Өзүңдүн үй-бүлөң ыраазы болбосо, бактылуулукту эч качан көчөдөн же жумуштан таппайсың.

Жолдошумдун ар бир айтканын сыйлап угам. Мисалы мага башка жактардан жумуш орундар сунушталып келди. Бирок жолдошум ал жумуштарга каршы болгон үчүн барган жокмун.

Жолдошум менен уулум моралдык жактан гана эмес материалдык жактан дагы абдан колдошот. Мен билим берүү борборунда иштеп жүргөн кезде эмне жетишпесе баарын алып беришет эле. Балдардын бир жакка барган жол киреси, экскурсия, көңүл ачуулары болобу баарын эле өзүбүздүн чөнтөктөн чыгара берчүбүз. Бир жолу бир кесиптешим, күлүп, “эже сиз бул жакка жумшаган акча менен особняк салып коймоксуздар” деп айткан эле. Жолдошум “акчанын берекеси ниеттен, башкаларды ыраазы кылып, көңүлүн албасаң жукпайт” деп дайыма айтат. Бүгүнкү күнгө чейин тапканбыздын бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшап келебиз. Бул иштерибизди биздин неберелерибиз дагы көрүп, тарбия алып, улантышса деп ойлойбуз», – деди ал.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкекте эл аралык турнирде Кыргызстандын 15 боксчусу коло медаль жеңди
Next Article Караколдук мугалим Вадим Архипов Улуу Ата Мекендик согуштагы учактын моделин жасап чыкты

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.