Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Талас районунун Балбал айылынын 45 жаштагы тургуну Гүлзина Ибраимова айылдагы эң жаш баатыр эне. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, Талас районунун Ак-Жар айылында туулган. Кийин жолдошу Эрлан Шыгаев менен баш кошуп, Балбал айылына келин болуп келген.
«Экөөбүздү тааныштарыбыз жолуктуруп, анан баш кошконбуз. Жолдошум мени жактырып сырттан эле, анан достору менен акылдашып эле алып кетип калган. Экөөбүз үйлөнгөн мезгилде ойлоп көрсөм, эл нанга жетпеген заман эле. Азыр кыздарыма «силердин заман сонун, баары бар, эл ток» деп көп айтам. Биз баш кошкон учурда той деп ойлонгон да эмеспиз. Анткени чындыгында шарт жок эле. Бирок жолдошум «сага өмүр боюу жашоонун таттуу тарабынан гана тартуулайм» деп көп айтчу. Азыр кудайга шүгүр, баары жетиштүү. 9 балабыз болсо да, экөөбүз туруктуу жумушта иштебесек дагы, оокатыбыз жетиштүү.
Балдарыбыздын ден соолугун тилеп, амандыгын тилеп отурабыз. Баарын отургузуп алып, атасы экөөбүз насаат айтабыз. Сөзсүз жогорку окуу жайды аяктаса экен деп, болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Улуу кызыбыз юридикалык жогорку билим алды. Экинчи кызыбыз фармацевт. Үчүнчү кызыбыз акушер. Балабыз дагы студент, калган балдарыбыз мектепте. Жолдошум «биз биринин артынан бирине куда күтүп баштайбыз» деп күлүп калат. Кыздарыбыз жакшы үй-бүлөлөргө бүлө болсо деп тилейбиз», – деди ал.
Гүлзина айымдын уул-кыздар:
– Мырзайым 2000-жылы туулган;
– Назик 2001-жылы туулган;
– Сезим 2003-жылы туулган;
– Абдыкерим 2008-жылы туулган;
– Айбийке 2010-жылы туулган;
– Нурбийке 2013-жылы туулган;
– Жылдыз 2015-жылы туулган;
– Али 2018-жылы туулган;
– Мариям 2023-жылы туулган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
