Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Баткен шаарынын 42 жаштагы тургуну Акбермет Акматова 24 жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнгүн айтымында, буга чейин Россияда, Бишкекте тигүүчү болуп эмгектенсе, азыр өзү жашаган Баткен шаарындагы үйүнө чакан цех ачкан. Мында кыздарды да окутуп, аны менен катар буюртмаларды алып киреше таап келет.
«Өзүм технологмун, дизайнер тигүүчүмүн. Буга чейин жолдошум менен миграцияда жүрдүк. Россияда тигүүчү болуп ар кандай цехтерде иштедим. Кийин Бишкекте, Ошто иштедим. 24 жылдан бери тигүүчүлүктү аркалап келем. Өзүмдүн чакан цехимди ачканыма 5 жыл болду. Үйүмдө элекийим-кеченин түрүн тигем. Куртка, пальтолорду, аял киши, эркектердин, жаш балдардын кийимдеринен сырткары, окуу формаларын, жаны жылдык жаныбарлардын кийимдерин тигем.
Буюртма тынымсыз түшүп турат. Мектеп, бала бакчалар менен иштешем. Өзүм эски тигүү машиналары менен ачкан элем. 1 жыл мурда 5 балама жөлөк пул алып баштагам. Андан баш тартып, 1 жылдык социалдык келишим түзүп 3 тигүү машинасын алдым. Азыр эми жаңы машина менен дагы да мүмкүнчүлүк кеңейди. Жанымда кыздар да иштешет. Окуп жаткандар да бар. Менден окуп цех ачып, иштеп жаткан кыз-келиндер да көп.
Ай сайын аз дегенде 20 миң сомдой киреше табам. Бул буюртмалардан түшкөн каражат. Өзүм азыр бөбөгүм менен үйдө отурам. Жумушчу кыздар бар. Азыр майрамга карата буюртмалар көп. Негизи эле тигүүчүлөргө иш көп. Жолдошум туруктуу бир жерде иштебейт. Мага кол кабыш кылып турат», – деди ал.
Баткенде облусунда Акбермет Акматова сыяктуу жөлөк пулдан 1 жылга баш тартып, социалдык келишим түзүп, 100 миң сомдон акча алып, ишкердик баштаган 2847 үй-бүлө бар.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
