Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — «Манас Ордо» комплексинде адис болуп иштеген Талас шаарынын 60 жаштагы тургуну Эркинбүбү Чомоеваны кесиптештери «Умай эне» деп чакырып көнүп калышкан. Аймактык кабарчы аны таанышты.
Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата району Жоон-Коргон айылында туулган.
«Атамдын аты Сакен айыл-чарбасында иштеген. Атымды чоң энем Эркинбүбү деп ырымдап койгон. Ал кезде кыздар окубай калып, турмушка чыгып эле үйдө отуруп калган. Менин чоң энем көрөгөч болгон экен. Кызыбыз чоңойгондо каалаган иши менен алектенесин деген экен.1981-жылы 10-классты бүтүп, Фрунзе шаарындагы №8 кийим тигүү коледжин бүтүрдүм. Андан кийин кийим тигүү фабрикасында иштеп, жакшы ийгиликтерге жетише алдым. 1984-жылы Талас шаарына келин болуп, 2 кыздуу болдум.
Өзүмдүн саламаттыгыма байланыштуу адамдын ден соолугу жөнүндө изилдене баштадым. 1995-жылы Бишкек шаарына барып, атайын массаж жасоону үйрөнүп келдим. Бир катар адамдарды массаж менен дарылап жүрдүм. 2001-жылы Германиядан атайын конок келди эле. Баспай калган аялды массаж жасап, кудайдын күчү менен дарыладым. Андан кийин алар мени чакырып, Германияга 3 ай саякаттап келдим. Ошол күндөн ушул күнгө чейин массаж кылып келем», – деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле эл өзүнүн баалуулуктарын жоготпошу керектигин белгиледи.
«Манас Ордо» комплексинде иштейм. 2022-жылы жамааттын жалпы демилгеси менен ордо, түлөөкана жана Каныкей апа булактарына жетекчилик кызматка келдим. Демөөрчүлүк кылып бир катар түлөөкана жана ордодорго өз салымымды кошо алдым. «Манас Ордо» менин экинчи үйүм. Жумушка келгенде өз үйүмө келгендей эргүү алам. Мени көптөр «Умай эне» деп да тергеп коюшат. «Умай эне» деген атка конуу оңой эмес. Эне болуу — бул жаратуу эмес, сактоо. Баланы төрөп коюу оңой. Бирок аны жүрөк менен угуп, рух менен коргоо — чыныгы энелик күч. Көптөгөн наристелерге массаж жасайм.
Сөз тамыры энеде. Тилин ыйык тутпаган эл рухун жоготот. Балдарыңарга тарыхты айтып бергиле, ыр угузгула, «Манас» айтып бергиле. Анткени баланын жүрөгүнө эмне эксең элдин келечеги ошол болот», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
