Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » 7 жаштагы Лейли талантынын аркасы менен кайрымдуулукка салым кошуп жатат
Янгиликлар

7 жаштагы Лейли талантынын аркасы менен кайрымдуулукка салым кошуп жатат

Май 25, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ош шаарынын 7 жаштагы тургуну Нурсултан кызы Лейли пластилинден түрдүү буюмдарды жасап, тапкан акчасын кайрымдуулукка жумшайт. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты. 

Лейли Ноокат районунда төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. 1 иниси жана 2 сиңдиси бар. Кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусу бала бакчадан башталган. Жасаган кичинекей буюмдарын 15–20 сомдон, кышында жаңы жылдык кооздуктарды 100 сомдон сатып келет. Тапкан акчасын кайрымдуулукка коротот. Азыр №20 Исхак Раззаков атындагы мектептин 1-классын аяктап жатат.

«Бул өнөрдү бала бакчага барганда эжекемден үйрөнгөм. Кийинчерээк жакшы жасай баштадым. 5 жашымдан бери жасап келем. Үй-бүлөмдө мындай буюмдарды жасагандар жок», – деди ал. 

Чоң энеси Токторова Бусалима небереси жакшы окуй турганын кошумчалады.

«Неберем көргөн нерсесин окшоштуруп жасайт. Сыналгыдан мультфильм көрсө же көчөдөн бир нерсе көрсө, баарын өз колу менен жасап коёт. Лейли үйдө жөн отурбайт, дайыма бир нерсе жасашым керек деп жасап олтурат. Мектепте да жакшы окуйт», – деди ал.

Апасы Шермат кызы Акманай кызынын максаттары чоң экенин айтты.

«Лейли атайын блокнот ачып, максаттарын жазып турат. Британия, Бразилия, Түркия сыяктуу өлкөлөргө баргысы келет. Эл аралык сынактаргы катышуу — чоң кыялы. Бишкекке барып, ажобуз менен жолугушууну да каалайт. Атасы дайыма колдоп, пластилин алып берип турат. Паспорт алгыла, чемоданымды даярдагыла. Мен 8 жашымда башка өлкөгө барышым керек, деп айтып калат», – деди апасы.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous Article» Эркектерден кем калбаган чабандес Махабат Амантурова ат чаап, кыз куумайга катышып келет
Next Article Араванда айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөн жигитке 35 миң сом айып пул салынды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.