Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Адылбек Касымалиев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча өкүлү менен жолукту
Янгиликлар

Адылбек Касымалиев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча өкүлү менен жолукту

Май 16, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс менен жолукту.

Расмий маалыматка ылайык, тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөнү талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Европа Биримдиги Кыргызстан үчүн ар кандай социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөткөн ишенимдүү жана маанилүү өнөктөш экенин белгиледи.

Тараптар жакында Самаркандда (Өзбекстан) өткөн “Борбордук Азия-Европа Биримдиги” саммитинин маанилүүлүгүн белгилешти, ал соода, инфраструктураны өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана санариптик трансформация сыяктуу тармактарда кызматташтыкты тереңдетүүгө эки тарап тең кызыкдар экендигин тастыктады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө басым жасап, өлкөнүн альтернативдик энергия булактарынын потенциалын жогорулатууга умтулуусун белгиледи. Тактап айтканда ал 100гө жакын чакан жана орто гидроэлектр станцияларды куруу, ошондой эле күн жана шамал энергиясын колдонгон технологияларды активдүү киргизүү пландарын айтты.

Өз кезегинде Европа Биримдигинин атайын өкүлү Министрлер кабинетинин башчысын Тажикстан Республикасы менен, ал эми буга чейин Өзбекстан Республикасы менен чек араларды аныктоо боюнча тарыхый макулдашууга кол коюлушу менен куттуктап, бул региондогу туруктуулукту бекемдөөдөгү жана ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.

Эдуардс Стипрайс Европа Биримдигинин суу жана энергетикалык ресурстарды сактоого, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга, коомду бул чакырыктарга даярдоого жана Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө багытталган мындан аркы кызматташууга жана демилгелерди колдоого даярдыгын билдирди.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleНарын облусунда үч суу сактагычтын курулушу пландалууда
Next Article Кызмат өтөө учурунда майып болгон күч кызматкерлерине берилген жөлөк пулду жогорулатуу сунушталды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.