Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Аэропорттон жолуктуруп, Түркияга алып кеткен Индиранын сүйүүсү
Янгиликлар

Аэропорттон жолуктуруп, Түркияга алып кеткен Индиранын сүйүүсү

Май 12, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 28 жаштагы Индира Анарбаева. Ал учурда үй-бүлөсү менен Түркиянын Конья шаарында күн кечирип келет. Аэропорттон жолуктурган сүйүүсү, чет элдеги жашоосу жана эгиз балдары тууралуу Turmush басылмасына айтып берди. 

«Мен 1997-жылы Бишкек шаарында жарыкка келгем. Өзүмдүн түпкү тегим Талас облусунун Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылынан. И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда аба транспортунда ташууну уюштуруу жана башкаруу жаатында билим алгам. Окуумду бүткөндөн кийин “Манас” эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдү каттоо бөлүмүндө иштегем. 

Жолдошум мени Түркияга учаар алдында көрүп, ошол замат жактырып калыптыр. Ал кезде ал жүргүнчү болчу, Түркияга учуп бараткан. Кийин ал: “сени биринчи жолу көргөндө эле жактырып калдым. Ошондо эле өзүмө сөз бергем — кандай гана жол болбосун, сени алып кетем деп” айтты. Чын эле, айтканындай, кийин мени өзүнүн жанына алып кетти.

Ал учурда коронавирус күч алып турган. Жүргүнчүлөр аралыкты сакташы керек болчу, бирок эрежени көпчүлүгү укпай коюшкан. Мен аларга: “сызыктан артка тургула!” деп түшүндүрүп да, урушуп да айтып жаттым. Ошол учурда жолдошум мени алыстан тигилип карап турган экен. Анан жаныма келип эле: “сиз эмнеге мынчалык агрессивдүүсүз?” деп сурады. Бирок кулагыма “эмнеге мынчалык сулуусуз?” деп угулгандай болду. Ошентип, таанышып калдык. Телефон номурумду сурады, башында бергим келген жок, бирок эмнегедир берип койдум. Кийин ал чоң гүлдөрдү жибере баштады…», – деди ал. 

Бизди көбүнчө корейлер менен чаташтырышат

«Жолдошум Нурдин Калышов, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылынан болот. Таанышкандан кийин мамиле түзүлүп, баш коштук. Үйлөнгөн соң мени Түркияга алып кетти. Быйыл июнь айында чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга 3 жыл болот. Азыр декреттик өргүүдөмүн, эгиз балдарым (1уул жана 1 кыз) 2 жашта. Күйөөм: “иштебе, мен силерди өзүм багам” деп айтат. Бирок мен видео тартып, үйдө ТикТокто блог жүргүзүп баштадым.

Түркияда бизди көбүнчө корейлер менен чаташтырып алышат. Балдарым көчөдө баратып, көп учурда корей тилинде учурашууларга туш болушат. Түрктөр шыңгаң көздүү балдарды өзгөчө жактырышат. Балдарым төрөлгөндө, бүтүндөй оорукана жамааты келип көрүп кетишкен — медайымдардан тартып, күзөт кызматкерлерине чейин. Түрктөрдүн балдарга болгон мамилеси абдан жылуу, жүрөктөн болот. Айтмакчы, мен эгиздерди кесарево жолу менен төрөдүм. Бирок ошого карабай, эртеси күнү эле үйгө чыгарып жиберишти. Бул жакта мындай көрүнүш кадимки эле практика экен — төрөгөн аялдарды, эгер абалы жакшы болсо, эртеси күнү эле үйүнө жиберишет.

Көчөгө чыкканда ар дайым элдин көңүлүнүн бурулушун сезем, анткени эгиз балдар менен чет элдик катары дароо көзгө түшөбүз. Кээде көчөдөн өтүп баратып эле, уруксат сурабай эле балага жакындап, өөп жиберген учурлар да болот», – деди ал.

Түрк жана кыргыз элинин айырмачылыктары 

«Түркияда аба ырайы жайында абдан ысык болот, кышында болсо суук анчалык деле сезилбейт. Экономикасы жалпы жонунан өнүккөн, бирок акыркы жылдары инфляция катуу билинип жатат.

Бул жерде жашап жатып, айрым маданий айырмачылыктарды байкадым. Мисалы, түрк эли жылкынын этин жебейт — алар үчүн бул күнөө деп эсептелет. Ошондой эле, 31-декабрь жана 1-январда Жаңы жылды майрамдашпайт, бул күндөр кадимки эле жумуш күнү болуп саналат.

Үйлөнүү тойлору да биздикиндей чоң эмес — абдан жөнөкөй өтөт. Кээде тамак-аш дээрлик болбойт же аз болот. Кээде тойдон ачка чыгып калган учурлар да кездешет. Ошондо эле кыргыздын жайылган дасторкону эсиме түшүп, эли-жеримди абдан сагынып кетем. Бул жакта кыргыздар анча көп болбосо да, байланыш үзүлбөйт. WhatsAppта атайын тайпабыз бар, анда кээде жолугушууларды уюштуруп, баарлашып турабыз.

Күйөөм Түркияда бизнес менен алектенет — ал мергенчилик куралдарын чыгарып сатат. Бул ишти келечекте Кыргызстанда да өнүктүрүүнү каалайт, ал эми мен ага колумдан келишинче жардам берем буюрса.

Жакында Кыргызстанга бара турган болдук. Мен болсо Ошко барып, “шаардык келиндин күнүмдүк турмушу” тууралуу видеолорду тартып баштоону пландап жатам», – деп сөзүн жыйынтыктады Индира айым.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБыйыл былтыркыга салыштырмалуу өндүрүштүк кырсыктардын саны 38ден 44кө өскөн,
Next Article Министр Жээнбек Кулубаев ТМУнун төрагасы менен жолукту

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.