Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Агартуу министрлиги Лондондогу дүйнөлүк билим берүү форумуна катышууда — Билим АКИpress
Янгиликлар

Агартуу министрлиги Лондондогу дүйнөлүк билим берүү форумуна катышууда — Билим АКИpress

Май 22, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Билим АКИpress – Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 18-21-май күндөрү Лондон шаарында өтүп жаткан 21-дүйнөлүк билим берүү форумуна катышууда.

Министрликтин маалыматы боюнча, аталган форумдун башкы темасы — «Туруктуулуктан өсүшкө: биргеликте күчтүү, максаттуу жана сапаттуу билимди куруу», ал дүйнөлүк коомчулуктун инклюзивдүү, ийкемдүү жана туруктуу билим берүү системаларын калыптандыруу менен адилеттүү социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетүү аракетин чагылдырат.

Ал эми EWF 2025 форумунун негизги тематикалары төмөнкүлөрдү камтыйт:

– дүйнөлүк деңгээлдеги адистер жана дем берүүчү баяндамачылар катышкан пленардык жыйындар;

– глобалдык өзгөрүүлөр шартындагы билим берүүнүн негизги маселелери боюнча министрлердин панелдик талкуулары;

– тажрыйба жана ой бөлүшүүгө багытталган чакан топтордогу практикалык сессиялар;

– туруктуу жана инклюзивдүү билим берүү системаларын өнүктүрүү;

– билим берүүдө санариптик технологияларды колдонуу;

– билим берүү жаатындагы инновациялык чечимдер;

– эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү;

– мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү илгерилетүү;

– мугалимдерди жана жетекчилерди даярдоонун сапатын жогорулатуу;

– билимдин коомдук биримдикти чыңдоодогу жана экономикалык өсүштөгү ролу.

«Дүйнөлүк билим берүү форумунун негизги максатынын бири — бул жогорку деңгээлдеги билимди ар бир балага жана жалпы жаштарга жеткиликтүү кылуу үчүн багытталган ар кыл тийиштүү маселелерди талкуулоого түзүлгөн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт” дейт ал өз сөзүндө.

«Билим – ар бир баланын жашоосун жакшыртуунун, экономикабызды өстүрүүнүн жана коомубузду чыңдоонун негизги куралы. Бул мүмкүнчүлүктөр Англия менен чектелбестен, бүткүл дүйнөгө кеңири жеткиликтүү болушу керек», – деп айтылат министрдин расмий чакыруусунда.

Кыргыз Республикасы EWF 2025 форумуна катышууда билим берүү жаатында жүрүп жаткан улуттук реформаларды эл аралык мейкиндиги менен тааныштыруу, өнөктөштүктү бекемдөө жана мыкты эл аралык тажрыйбаларга жана демилгелерге жетүү мүмкүнчүлүгү катары карайт.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТаластагы аэропорттун 2900 чарчы метр жери жеке менчикке мыйзамсыз берилген,
Next Article ИИМде бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо талкууланды — Билим АКИpress

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Top Posts
Advertisement
ЖАРНАМА EurasiaPulse баннер

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
© 2026 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.

Go to mobile version