Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Президенттин иш башкармалыгы Чыңгыз Айтматов проспектисин Түштүк магистралдан Семетей көчөсүнө чейин кеңейтүү долбоору менен алектенип жатат. Анын алкагында жол 6 тилкелүү болору кабарланган.
Мэрия буга чейин 66 жеке үйдүн тосмолору демонтаждала турганын маалымдаган.
Тосмолорду бузуу 26-майда башталган.
Аталган көчөнүн тургуну Лариса Белухтун айтымында, марттын экинчи жарымында документтери туура эмес болгон тургундардын тосмолору буздурула баштаган.
«26-майда жер тилкесине болгон документтери – кызыл китеби жана башка укук белгилөөчү документтери толугу менен бар тургундардын тосмолору буздурула баштады», – деди ал.
Анын айтымында, мэриянын өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугушуулар болуп, башында аларга компенсация каралары айтылган. Кийин Көк-Жардан башка жер тилкесин берүү тууралуу да сөз болгон.
«Кийинчерээк белгилүү болгондой, ал жерлердин ээлери бар экендиги аныкталган. Азыр бизди (тургундарды) мэриянын шарттарына көнбөй койду деп күнөөлүү кылып жатышат. Бирок бизге сунуш кылгандары толук акылга сыйбаган нерсе. Адегенде тосмолорду Чыгыш көчөсүн көздөй жылдырууну сунушташты. Эгерде бизден Чыңгыз Айтматов проспектиси тараптан 4–5 метр алышса, анда Чыгыш көчөсү тараптан компенсация берүүнү убада кылышкан. Бирок биз Чыгыш көчөсүнө 5 метр жыла турган болсок, анда жолдун жоондугу 3–4 эле метр болуп калат. Консультациядан кийин бизге муниципалдык жерди жеке менчикке өткөрүү мүмкүн эмес экенин түшүндүрүштү. Биз мындай шарттарга макул болгон жокпуз», – деди тургун.
Ал ошондой эле мэрия менен болгон жыйында ар бир менчик ээси менен жеке сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишим түзүлө тургандыгын убада кылышканын кошумчалады. Бирок ошого карабай тосмолор буздурулган.
Учурда атайын техника буздурулган объекттердин таштандыларын чыгарып жатат.
Место на карте:
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды