Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ак-суулук мугалим Мээрим Биримкулова «Жылдын мыкты мугалими — 2025» сынагында биринчиликти жеңип алды
Янгиликлар

Ак-суулук мугалим Мээрим Биримкулова «Жылдын мыкты мугалими — 2025» сынагында биринчиликти жеңип алды

Май 17, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылындагы А.Деркембаев мектебинин математика мугалими «Жылдын мыкты мугалими — 2025» облустук сынагында 1-орунду багындырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мээрим Биримкулова үчүн кош кубаныч болуп жатат.

«Мен 16 жылдан бери математика  мугалим болуп иштейм. Бул жылы мектеп директорунун сунушу менен сынакка катышып, математика сабагынан 1-орунду алып, облуска өткөм. Облуста да биринчиликти алып, республикага жолдомо алдым. Кубанып жаткан учурда окуучум куттуктап, “сиз окутуп, сиздин жолду жолдоп, так илимдин арты менен белгилүү компанияга ишке кирдим” деп айтты. Өтө кубанып жатам. Чынында мен үчүн кош кубаныч болуп жатат», – дейт М.Биримкулова.

Мугалим бул ийгиликке жетишине эжейи жана ата-энеси түртү болгонун айтат.

«Мен Жети-Өгүз айылында 1985-жылы төрөлүп, ушул айылда билим алдым. Гимназия класс болгондуктан математика боюнча окуйт элек. Кошумча ийрим катары да математикадан окучубуз. Мектепти аяктап программист  болсомбу деп калдым. Эжейим Жамиля Бекбаева жана ата-энем мугалим кесиби жакшы экенин айтып, математикадан эң жакшы окугандыктан ушул кесипке багыт беришти.  Учурдан пайдаланып эжейиме жана ата-энеме ыраазычылык билдирем», – дейт ал.

Үч кыздын апасы жаш муунга билим берип, агартуу тармагында иштеп жатканына сыймыктанат.

«Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктаган соң Каракол шаарындагы мектептерде иштедим. Буйрук экен Кайырма-Арык айылына келип, бактымды таап балалуу болдум. Азыр менин балдарым көп, ар бир класста сүймөнчүк окуучуларым бар. Менин жолумду жолдоп, 2005-жылкы бүтүрүүчүлөр математека жана информатика боюнча билимин улашты. Алар менен байланыш үзбөй алар менин, мен алардын ийгилигине кубанып сүйлөшүп турабыз», – дейт мыкты мугалим М.Биримкулова.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЖакшы. Бишкек шаарындагы абанын сапаты
Next Article Медербек Кыдырмаев Бишкектин жаңы башкы архитектору болду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.