Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ак-Талаадагы окуучулар 95 жаштагы Зууракан Буйлашова менен жолугуп, үй иштерин жасап беришти
Янгиликлар

Ак-Талаадагы окуучулар 95 жаштагы Зууракан Буйлашова менен жолугуп, үй иштерин жасап беришти

Май 2, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын 95 жаштагы тургуну, согуш ардагеринин байбичеси Зууракан Буйлашова менен мугалим жана окуучулар жолугушуп, үй иштерин жасап беришти. 

Аталган айылдагы Байымбет атындагы орто мектебинин класстан тышкары иштердин уюштуруучусу Нургүл Шаршенованын айтымында, 9-май — Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, маркум Садык Буйлашовдун байбичеси менен 8-класстын окуучулары жолугушту.

«Зууракан апа жолдошу Садык ата тууралуу, өзүнүн ооруктагы эмгектери, чөп чапканы, орок оргону, сакмалга барганы тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, өзүнүн акыл-насааттарын айтып, батасын ыроолоду. Үй иштерине бир аз болсо дагы кол кабыш кылып, окуучулар үй ичин жыйнап, айлана-чөйрөсүн тазалап, терезелерин сүртүп жууп беришти.  Зууракан апа улуу баласы Калыбек Буйлашовдун колунда. Бул окуучулар үчүн абдан таасирдүү жолугушуу болду», – деди Н.Шаршенова.

Ал эми Зууракан Буйлашова жолдошу Садык Буйлашов менен согуш бүткөндөн кийинки жылдары баш кошушкандарын айтты.

«Садык менен согуш бүткөндөн кийин 1948-жылы үйлөндүк. 30 жыл бирге түтүн булатып жашап, 10 балалуу болдук.  Абышкам 1979-жылы каза болуп калды. Согуш учурундагы окуяларынан айтып калчу, унутуп деле калдым. Согушта 2 эле жыл жүрдү. 1941-жылы барып, 1943-жылы кайтып келди. Согуш учурунда колуна ок тийип, колунан ажырап калып келген. Андан бери 10 баланы үйлөнтүп-жайланттым. Союз учурунда кой бактык, чөп чаптык, арык каздык, тоонун баарын араладык. Биз кылбаган оокат калган жок. Өзүм азыр 95 жаштамын. Анан эми азыркы жаштар ыймандуу, ырыс-кешиктүү, жакшы балдар болушсун. Анан “соткадан” алысырак болсун дейт элем, менин суранарым ушул. Аман жүргүлө, жакшы иштегиле, үй-бүлөгө жана  ата-энеге кайрымдуу болуп, жакшы балдардан болуп өскүлө», – деди Зууракан апа.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleШопоков шаарында жаңы отургучтар орнотулуп, эки жаңы кичи-футбол аянтчасын куруу иштери башталды
Next Article Өзгөчө укуктук режимдеги «Тамчы» атайын инвестициялык аймагын түзүү сунушталууда

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.