Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата спорттук мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Баетов айылдык кеңештин депутаты Бекжан Сагынбековдун айтымында, айылдык кеңеш тарабынан шайлоо тилкелер боюнча бөлүнгөн аймактар арасында спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин жалпы байге фонду 150 миң сомду түздү. Ал эми өтмө кубок жана медалдар Нарын облустук спорт башкармалыгы тарабынан берилди.
Волейбол боюнча 35 жашка чейинкилер арасында:
– 1-орун — «Үгүт аймак» командасы;
– 2-орун — «УОС аймак» командасы;
– 3-орун — «РЭС—Кайыңды-Булак аймак» командасы.
35 жаштан жогоркулар арасында:
– 1-орун — «Үгүт аймак» командасы;
– 2-орун — «УОС аймак» командасы;
– 3-орун — «РЭС—Кайыңды-Булак аймак» командасы.
Футбол боюнча 35 жашка чейинки муундагылар арасында:
– 1-орун — «Ветборбор аймак» командасы;
– 2-орун — «РЭС—Кайыңды-Булак» аймак командасы;
– 3-орун — «Терек аймак» командасы.
35 жаштан жогорку муундагылар арасында:
– 1-орун — «РЭС—Кайыңды-Булак аймак» командасы;
– 2-орун — «Айыл өкмөт аймак» командасы;
– 3-орун — «Үгүт аймак» командасы камсыздады.
Ал эми волейбол боюнча кыз-келиндер арасында:
– 1-орун — «Алтын-Муун—РЭС—Мүсүралиева аймак» командасы;
– 2-орун — «Ветборбор аймак» командасы;
– 3-орун — «Айыл өкмөт аймак» командасы ээледи.
Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
