Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ак-Талаанын Терек айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн демилгеси менен борбордук көчө оңдолууда
Янгиликлар

Ак-Талаанын Терек айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн демилгеси менен борбордук көчө оңдолууда

Май 6, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылынын борбордук көчөсү оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү же тактап айтканда 1987-жылкы классташтардын демилгеси жана 300 миң сом демөөрчүлүгү менен борбордук Молдобасан көчөсүнө башынан аягына чейин шагыл төгүү, аны түздөө жана таптоо иштери жүргүзүлүүдө.

  • Көчөнүн узундугу 2200 метр, туурасы 10 метрди түзөт.

Айыл башчысы Токтомуш Кожоев аталган көчөгө асфальт төшөөнү максат кылып жатышканын айтты.

«Көчөгө шагыл төгүү жана оңдоо иштери 2-май күнү башталган. Бул демилгени 1987-жылкы жигиттер көтөрүп чыгып, өздөрүнүн мектепти бүткөндөрүнүн 20 жылдык урматына карата абдан жакшы саамалык, жакшы иш баштап беришти. 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 300 миң сом демөөрчүлүк кылышып, ал эми айылдагы жүк тартуучу унаалардын айдоочулары бири калбай шагыл тартып беришсе, жергиликтүү жашоочулар чоң таштарын терип жардам беришүүдө. Шагыл төгүлүп, грейдер менен сүрүлүп, кайра атайын таптоочу оор техника менен тапталууда.

Мындан тышкары, көчөнү толук кандуу оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом бөлүнүп берилген. Учурда, кызыл сызыктан чыгып кеткен дубалдар, тосмолор алынып, бак-дарактар түп-тамыры менен омкорулуп, оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Буюрса, аталган көчөгө асфальт бастырууну максат кылып, фонддордун бирине долбоор даярдап жатабыз», – деди Токтомуш Кожоев.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous Article«Аsia Mall» соода борборунда жарылуучу зат бар деп алдаган шектүү колго түшүрүлдү
Next Article Тайпалашына турмушка чыгып, 33 жашында 6 баланын энеси болгон Кенжегүл Кыдыралиева

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.