Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ак-Талаанын тургуну атасынын кыркылыгына кете турчу каражатка абалы начар жолду оңдоп берип жатышат
Янгиликлар

Ак-Талаанын тургуну атасынын кыркылыгына кете турчу каражатка абалы начар жолду оңдоп берип жатышат

Май 2, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Жаңы-Тилек айылына бара турчу унаа жолго шагыл төгүлүп, оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мындан 1 ай мурун Жаңы-Тилек айылынын тургуну, коомдук ишмер Айып Райымов көз жумган. Учурда маркумдун уул-кыздары атасынын кыркылыгын өткөрүүгө сарптала турчу чыгымды ысырапкорчулукка жол бербөө максатында Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунан тарта айылга чейинки 3 чакырымга чукул жолго шагыл төктүрүп берип жатышкандыгы маалым болду. Ал эми алардын мындай демилгесин айыл өкмөтү жана айыл өкмөттүн алдындагы «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишканасы колдоого алып, техникалары менен ишти аткарып беришүүдө.

Маркум Айып Райымовдун уулу Эрмек Айыпов өлкөнүн өнүгүшүнө баарыбыз салым кошолу дейт.

«Атабыз Айып Райымов быйыл 85 жаш курагында дүйнө салды. Эми мынтип көз ачып жумганча эле кыркылык күнү келип, атабызга Куран окутуп жаткан учурубуз. Бирок уул-кыздары сүйлөшүп кеңешип, атабыздын кыркылыгына кете турчу каражатка айылга келчү чоң унаа жолго шагыл төктүрүп, жолду оңдотуп берүүнү чечтик. Муну менен катар өлкө башчынын ысырапкорчулукка каршы чыгарган буйругун аткарууга жана өлкөнүн өнүгүшүнө ар бир жаран салым кошолу деген максатта ушул ишти аткаруудабыз. Бул демилгени колдоого алып, техника жана жумушчулары менен камсыздаган айыл өкмөт жана муниципиалдык ишканага ыраазычылык билдиребиз. Атабыз дагы учурунда агроном болуп, элге кызмат кылган коомдук ишмер эле. Өзү болбосо да, иши улана берсин деген максатта дагы иштерди алып барабыз. Шагыл төгүү жана таптоо иштерине техникалардын күйүүчү майы менен камсыздап берип жатабыз», – деди Э.Айыпов.

Ал эми «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишкананын айдоочусу Тынчтык Эсенаманов аталган жолго шагыл төгүү иштерине 3 күндөн бери иштеп жатышканын айтты.

«Чындыгында бул жолдун абалы начарлап кетиптир. Аң, чуңкур, кыян суулары жеп кеткен. Айрым жерлери жана кыя жолу эптеп эле бир унаа баткыдай жол болуп калыптыр. Айылдагы Айып атанын балдары күйүүчү майы менен камсыздап, айыл өкмөт жана биз биргелешип, жолду оңдоо иштерин аткарып жатабыз. Иштеп жатканыбызга 3 күн болду. Кудай буюрса, бүгүн шагылын төгүп бүтөбү деп турабыз. Буга чейин “Хово” унаасы менен 300 каттам шагыл төктүк. 3 чакырымга чукул жол окшойт. Шагыл төгүлүп бүтсө, муниципалдык ишкананын техникалары шагылды жайпап, оңдоп-түзөп беришет. Иш жакшы жүрүүдө», – деди Т.Эсенаманов.

Жаңы-Тилек айылынын башчысы Адилет Эшболот уулунун айтымында, аталган жол союз тарагандан бери оңдолбой келген. 

«Бул жол тээ союз тарап кеткенден бери оңдолбой жаткан, шагыл төгүлгөн эмес. Айып атанын балдары кыркылыгына сарптала турчу каражатка күйүүчү майын алып берип, демөөрчүлүк кылышууда. Биздин ишкананын техникалары менен ишти аткарып жатабыз», – деди ал.

Айып Райымов 1941-жылы Ак-Чий айылында туулган. Ак-Талаа районундагы Калинин колхозунда агроном, КСКТ бирикмесинде башкы агроном, 1965-жылы райондук «Керек-Жарак»  коомунун тамак-аш боюнча кампа башчысы, 1970-жылдан баштап Жданов колхозунда Ак-Чий комплекстүү бригадасында агроном, башкы агроном, совхоздун директорунун орун басары, 1994-жылы Ак-Чий колхозунда агроном болуп иштеген. Мындан тышкары, партиялык уюмдун секретары, совхоздун кесиптик бирлик комитети, Дөрбөлжүн айылдык кеңешинин депутаты болгон.

СССРдин айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Эмгектеги жетишкендиктери үчүн» коло медалды жеңип алган. Ошондой эле, «Лениндин 100 жылдыгы» юбилейлик медалы менен сыйланган. Кичи мекени Ак-Чий айылынын түптөлүшүнө зор салым кошкон.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКыргызстанда чет элдик номурдагы 3 миңге жакын унаа мыйзамдаштырылды
Next Article Бишкектеги оргумалар иштей баштады

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.