Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » АКШ мамилеси солгундап турган Индия менен Пакистанды жоопкерчиликке чакырууда
Янгиликлар

АКШ мамилеси солгундап турган Индия менен Пакистанды жоопкерчиликке чакырууда

Апрель 28, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  АКШнын Мамлекеттик департаменти жекшемби күнү Вашингтон Индия жана Пакистан менен байланышта экенин билдирди. Алар эки өлкөнү Кашмирдеги ислам согушкерлеринин чабуулунан кийинки чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу «жоопкерчиликтүү чечимге» келүүгө чакырды. Бул тууралуу «Reuters» жазды.

АКШ өкмөтү чабуулдан кийин Индияны колдой турганын билдирип, бирок Пакистанды сынга алган эмес. Индия Пакистанды 22-апрелде Индия көзөмөлдөгөн Кашмирде болгон чабуулга айыптаган, кол салуунун кесепетинен жыйырмадан ашык адам каза болгон. Пакистан айыптоолорду четке кагып, калыс иликтөө жүргүзүүгө чакырган.

«Кырдаал курчуп, биз болуп жаткан окуяларды тыкыр көзөмөлдөп жатабыз. Биз Индия жана Пакистан өкмөттөрү менен ар кандай деңгээлде байланыштабыз», — деген АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү.

Индия Вашингтондун Кытайдын күчөп бараткан таасирин ооздуктоо аракетинен улам АКШнын Азиядагы маанилүү өнөктөшүнө айланууда, ал эми Пакистандын АКШнын союздашы катары ролу 2021-жылы америкалык аскерлер коңшулаш Афганистандан чыгарылгандан кийин актуалдуулугун жоготкон.

Вашингтондон келген Түштүк Азия боюнча аналитик жана «Foreign Policy» журналынын автору Майкл Кугельман Индия азыр Пакистанга караганда АКШга кыйла жакын экенин белгиледи.

«Бул Исламабадды тынчсыздандырышы мүмкүн: эгер Индия аскердик жол менен жооп берсе, АКШ Индиянын терроризмге каршы күрөшүүдөгү аракеттерин колдоп, ага тоскоолдук кылбашы мүмкүн», – деди Кугельман «Reuters» агенттигине.

Кугельман ошондой эле АКШнын Россиянын Украинадагы согушун жана Израилдин Газадагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерге катышуусун эске алганда, Трамптын администрациясы глобалдык чакырыктар менен алек экенин жана эскалациянын алгачкы этабында Индия менен Пакистанды көйгөйдү өз алдынча чечүүгө калтырышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Пакистандын АКШдагы мурдагы элчиси жана «Hudson Institute» аналитикалык борборунун улук илимий кызматкери Хусейн Хаккани да АКШнын азыр кырдаалга кийлигишүүгө каалоосу жок экенин белгиледи.

Чыңалуунун өсүшү

Мусулмандар байырлаган Кашмирди индустар басымдуулук кылган Индия да, исламчыл Пакистан да талашып келет. Эки өлкө тең аймактын бөлүктөрүн гана көзөмөлдөйт жана буга чейин ал үчүн согушкан.

Индиянын премьер-министри, индус улутчулу Нарендра Моди теракт уюштургандар куугунтуктала турганын убада кылды. Индиялык саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин Пакистанга каршы аскердик аракеттерге чакырыктары да күчөдү.

Чабуулдан кийин Индия менен Пакистан бири-бирине каршы бир катар чараларды көрүштү: Пакистан Индиянын авиакомпаниялары үчүн өзүнүн аба мейкиндигин жапты, ал эми Индия Инд дарыясынын суу ресурстары боюнча 1960-жылдагы келишимди токтотту, ал Инд дарыясынын жана анын куймаларынын сууларын бөлүштүрүүнү жөнгө салат.

Тараптар ошондой эле салыштырмалуу тынчтыктын төрт жылынан кийин иш жүзүндөгү көзөмөл линиясы аркылуу атышууларды кайра башташты.

Анча белгилүү эмес «Кашмир каршылыгы» тобу социалдык тармактардагы билдирүүсүндө чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Индиянын атайын кызматтары бул уюм «Лашкар-е-Тайба» жана «Хизб-уль-Мужахидин» сыяктуу пакистандык радикалдык топтор үчүн калканыч экенин ырастоодо.

Жо Байдендин администрациясынын Мамлекеттик департаментинин мурдагы өкүлү Нед Прайс Трамптын администрациясы кырдаалга керектүү сезимталдыкты көрсөтүп жатканы менен, АКШ кандай шартта болбосун Индияны колдойт деген түшүнүк чыңалууну ого бетер курчутушу мүмкүн экенин белгиледи.

«Эгер Индия АКШ аны кандай гана шартта болбосун аягына чейин колдой турганын сезсе, бул эки өзөктүк державанын ортосунда андан ары эскалацияга жана зомбулуктун күчөшүнө алып келиши мүмкүн», – деди Прайс.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleВидео — Ысык-Көлдө бир кочкор 7 миллион сомго сатылды
Next Article Нуриза Качкеева жолдошун бир көрүп жактырып, ошол эле күнү турмуш жолуна аттанган

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.