Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Алыкул Осмоновдун «Сен ооруба, мен оороюн, Ата Журт» деп Мекен түйшүгүн өз мойнуна алгандай, поэзияны өз өмүрүнөн да жогору койгон акын Мая Осмонкулова быйыл өткөрө турган ыр майрамынын тушоосун киндик каны тамган айылындагы өзү окуган орто мектептен баштады. Бул тууралуу акындын жолдошу Машакбай Рахманкулов билдирди.
Анын айтымында, поэзия кечесинде ыр, бий жана күүлөр жаңырды.
«Жубайымдын поэзия кечесинде өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу слайд көрсөтүлүп, ырлары көркөм окулду.
Иш-чарага облус жетекчилиги, Талас шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү, Талас районундагы Чоң-Алыш айыл аймагынын А.Карыпкулов атындагы орто мектептин жамааты, ошондой эле акындын айылдаштары өздөрүнүн гүлдестелери, белек-бечкектери жана каалоо-тилектери менен шөкөттөп турду.
Акындын сөзүнө жазылган, Г.Садыбакасова обон чыгарган “Садагам Оштой жеримден” аттуу ыр 1990-жылдагы Ош окуясынан кийин эл арасында улуттук рухту козгогон чыгармага айланган. Ал тургай, бул ыр 2000-жылы өткөн “Оштун азем түндөрү” жана “Ысык-Көлдө кадыр түн” фестивалдарынын биргелешкен конкурстарында баш байгени жеңип алган.
Мындан тышкары, акын жубайым өзүнүн менчик китепканасынан 100гө жакын адабий-көркөм, тарыхый жана публицистикалык китептерди мектептин китепканасына белекке берди.
Анын кийинки кечеси К.Медетбеков атындагы облустук драма театрында өтүшү күтүлүүдө», – деди Машакбай Рахманкулов.
ЫРДАГЫ ӨМҮР
Билбеймин бул турмушту сүрдүм кандай,
Бир гана назик көңүл каалагандай.
Дос, душман улутунуп калса болду,
Мезгилсиз өлүм келсе табалабай.
Билбеймин бул жашоону сүрдүм кандай,
Бир гана ак көңүлүм каалагандай.
Аясаң бүтпөй калган ырды аягын,
Тагдырга моюн сунган мени аябай.
Аргасыз тегереткен көздүн жашын,
Ошол ыр бүтпөй калган өмүр жашым.
Тагдырым мага кылган адилетсиз,
Кастыгын ырларыма кыла албасын.
Мая Осмонкуловага таандык саптар.
Буга чейин Turmush басылмасы Мая Осмонкулова жазуучу Чыңгыз Айтматовго ыр окуп берип, мактоо укканын жазган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					