Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Акыркы коңгуроодогу майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, Каныбек Абдырахманов өзүнүн орун басарларынын, борбордук аппараттын кызмат жетекчилеринин, ошондой эле шаардык, райондук, айыл аймактык жана аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда кеңешме өткөрдү. Анда апрель айындагы иштин жыйынтыгы чыгарылды.
Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, коргоо ордерлерин өз убагында берүү жана жашы жете электерди кылмыштуулуктан коргоо маселелери талкуулангандыгы кабарланды.
Жашы жете электерге карата кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштердин жыйынтыгы, кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо боюнча чаралар талкууланды. Акыркы коңгуроо учурунда тартипти камсыз кылууга көңүл бурулду. Шаардык жана райондук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилеринин баяндамалары угулду.
Каныбек Абдырахманов сууга түшүүчү жайларда профилактикалык иштерди күчөтүүнү жана туристтик сезондун алдында жолдордо тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууну тапшырды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
