Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кадамжай районунун Кайтпас айылында жашаган бир туугандар Акжол менен Самандар Юсуповдор отургучтарды жасап устачылык кылышууда. Аймактык кабарчы усталар менен таанышты.
Акжол 27 жашта болсо, Самандар 23 жашта. Алар Өзбекстанга барып үйрөнүп келген өнөрдү 4 жылдан бери аркалап, шакирт да чыгарып жатышат. Бул устаканадан чыккан отургучтарга кафе, ресторан, ашканалардан тарта, мейманкаларга чейин буюртма беришет. Мурда үйдө жасашса, азыр «Торговый» базарына атайын устакана ачышкан. Мында стул жасоо үчүн түрдүү станоктор, шаймандар бар.
«4 жыл мурда Акжол акем менен интернеттен эле көрүп жүрүп, кийин Өзбекстанга барып, устадан стол жасоону 4 күн үйрөндүк. Ошол убакта алар бизге станокторду да кошо жасап беришти. Келгенден кийин дагы калган керектүү шаймандарды жасадык. Керектүү материалдарды Бишкектен, анан өзүбүздүн базарлардан алабыз. Бишкекке Кытайдан келет, биз бул жакка алдырабыз. Атайын карго менен иштейли десек, кымбатка түшүп калат экен.
Мурда акем өзү эмерек жасап иштеген. Мен мектептен кийин жардам берчүмүн.
Бизде чоң аталарыбыз, тага журтубуз баары уста болгон. Биз да устачылыкты аркалап жатабыз. Бизге жазында жумушчулар келишет. Алар көпчүлүк учурда окуучулар, үйрөнүп кетишет. Азыр бир окуучубуз Ошто студент. Селкинчектерди жасап киреше таап жатат.
Биз бир эле отургучтарды эмес, башка эмеректерди да чыгарабыз. Көпчүлүк учурда отургуч столу менен жасалат. Бул жерде эң арзаны 1 даанасы 1200 сом. Аларды ашкана, балмуздак саткан жайларга алышат. Эң кымбатынын 1 даанасы 2500 сом. Кымбаттары көпчүлүк учурда мейманканаларга, Бишкектеги кафелерге алышат», – деди Самандар уста.
Алдыда бир туугандар устакананы кеңейтип, жумушчуларды да алууну пландап жатышат. Анткени кардарлар көбөйүп, стол отургучтарга суроо-талап күч.
«Мамлекеттен жер сурап жатабыз. Алдыда арызыбыз каралып, жер берилсе устакананы кеңейтели деген ойлорубуз бар. Жумушчуларды да албасак суроо-талап көп. Кардарлар да үйрөнүштү. Бизге өлкө аймагынан буйрутма түшөт. Күнүнө боек, матрастарды айтпаганда, 100 даана столду жасап чыгара алабыз. 2500 сом турган отургучтун комплектисин 1 жумада даяр кылабыз. Бул Түркиянын дизайны менен жасалат. 1200 сомдук отургучтун 10 даанасын 4-5 күндө даяр кылабыз. Устаканада бардык отургучтардын калыптары бар, ошого карап жасайбыз», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					