Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 27-май күнү Чүй облусунда жайгашкан Ала-Арча капчыгайынан жаран куткарылды, деп маалымдады ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, капчыгайдын жогору жагында «Хижина Рацека» туристтик жайынын 300 м бийиктигинде 24 жаштагы жаран бутунан жаракат алгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматынан түшкөн. ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун Ала-Арча жаратылыш сейил багындагы нөөмөттө турган куткаруучулар тобу тартылган. Алар жаракат алган жаранды алып түшүп, туугандарына өткөрүп беришкен. Куткарылган адамдын абалы жакшы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды