Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаарында №1 жарым экспресс автобус каттамы «Ала-Арча» жаратылыш сейил багына чейин кайрадан ишке киргизилди, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Каттамдын акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы аянтта (Эркиндик бульварынын жана Абдумомунов көчөсүнүн кесилиши) жана «Ала-Арча» жаратылыш сейил багында жайгашкан.
Каттамда газ менен жүрүүчү «ISUZU» үлгүсүндөгү 12 метрлик 6 автобус иштейт. Автобустардын кыймыл аралыгы 20-30 мүнөттү түзөт.
Автобустар күн сайын саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттап, белгиленген аялдамаларда гана токтойт. Накталай төлөм менен жол кире 50 сом, накталай эмес төлөм менен – 40 сом.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
