Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган концерт көрсөтүлүп жатат.
Саат 17:00дөн тарта пландалган концерт 5 саатка созулуп, сахнада кыргыз жана орус эстрадасынын артисттери өнөр көрсөтөт. Орусиялык жылдыздардын арасында Россиянын эл артисти Дима Билан, Кыргызстандан чыккан Амирчик, «Радио Тапок» тобу жана башкалар бар.
Концертти «Радио Тапок» тобу ачты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
