Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Алай районунун Курманжан Датка айыл өкмөтүндө 9-Май — Улуу Жеңиш майрамына карата ондоп-түзөөгө муктаж болгон көпүрө толугу менен оңдолуп, кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Маалым болгондой, 1985-жылы ашар жолу менен курулган көпүрө эми заманбап көпүрөгө айланды. Тосмолору жок, ар кайсыл жерлеринен жарака кеткен бул көпүрө унаа жана жөө адамдар үчүн да бир топ кооптуулукту жараткан.
Көпүрөнү ондоп-түзөө үчүн каражат жагынан тартыштык жаралып, бул көйгөй 4,5 жылдан бери облус жана район жетекчилери катышкан элдик жыйындарда айтылып келген. Бирок аткарууга мүмкүнчүлүк табылган эмес.
Демөөрчүлөрдүн жардамы менен 2 млн сомго толук оңдоодон өттү. Көпүрөнүн узуну 45 метр, туурасы 6 метрге жетип, жалпы көпүрөдөн сырткары жөө адамдар өтүүчү жайы да кошулду.
Аталган жол Жар-Кыштак айылы менен Боз-Караган, Шамеки айылдарынын тургундарын гана байланыштырбастан, оор жүк ташуучу унаалар менен да каттай алышат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
