Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 2024-жылдын декабрь айында Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын жаранына кол салуу болгон. Тышкы иштер министрлиги бул факт боюнча маалымат берди.
Министрлик билдиргендей, 2024-жылдын 8-декабрында Алматы шаарында оор жаракаттардан улам Р. А. М. аттуу Кыргызстандын жараны медициналык мекемеге жеткирилген.
Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу жабырлануучуга юридикалык жана консулдук-укуктук жардам көрсөткөн. Ошондой эле укук коргоо органдары жана медицина кызматкерлер менен жолугушуулар өткөрүлүп, Алматыдагы кыргыз диаспорасынын катышуусу менен керектүү жардам көрсөтүлгөн.
КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен жабырлануучуну дарыгерлердин коштоосунда Бишкек шаарындагы медициналык мекемеге жеткирилген.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар сотко өткөрүлгөн. Биринчи сот отуруму 2025-жылдын 30-майына белгиленип, ага Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун өкүлдөрү катышат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
