Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстанда 1-апрелге карата 5 000ге жакын жаран альтернативдүү кызмат өтөдү, деп маалымдады коргоо министринин милдетин аткаруучу Руслан Мукамбетов бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында.
«1-январдан 1-апрелге чейин 5000 адам альтернативдүү кызмат өтөдү. Андан 200 млн сомдон ашык каражат түштү. 2000ге жакын адам мөөнөттүү кызмат өтөөдө. Альтернативдүү кызматтын баасы 25 миң сомду түзөт. Мобилизациялык резервге жыйым – 50 миң сом», – деп билдирди Мукамбетов.
Депутат Нурбек Сыдыгалиев («Ишеним») алардын баасын көтөрүүгө мүмкүнбү деп кызыкты.
Коргоо министринин милдетин аткаруучу бул боюнча долбоор бар экенин, аны Министрлер кабинети менен макулдашуу керектигин айтты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
