Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө акча берүүчү программасын ишке киргизгенин жарыялады.
«Эгер сиз мыйзамсыз жүргөн болсоңуз, анда кармалуудан качуу үчүн АКШдан чыгып кетүүнүн эң жакшы, коопсуз жана үнөмдүү жолу — бул өз алдынча депортация», – деп айтылат DHS билдирүүсүндө.
Ведомство өлкөдөн өз алдынча кеткен мыйзамсыз мигранттарга атайын тиркемени колдонуу менен 1 миң доллар стипендия сунуштайт. Программага катышкандар акчаны мекенине кайтып келгенден кийин гана ала алышат, ошондой эле аларга келечекте АКШга кайтып барууга мүмкүнчүлүк берилет.
Мындай программа менен мыйзамсыз мигранттарды чыгарууга кеткен чыгымды 70%га кыскартуу пландалууда. Азыр бир мыйзамсыз мигрантты кармоо, камоо жана депортациялоо орточо эсеп менен 17 миң 121 долларды түзөт.
Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү — Дональд Трамптын шайлоодогу негизги убадаларынын бири. Ал программаны апрель айында жарыялаган, бирок анын чоо-жайын тактаган эмес.
АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин акыркы эсептөөсүнө ылайык, жыл башынан бери өлкөдөн 117 миң адам чыгарылды. Апрель айынын башында «The Washington Post» гезити америкалык чиновниктерге таянып, 2025-жылы 1 миллион мигрантты өлкөдөн чыгаруу пландалганын жазган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
