Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларынын бири — Сыдык Алдашов Баткен районунун Кара-Булак айылынан чыккан. 1941-жылы аскердик милдетин өтөп жүрүп, 17 жашында согушка кеткен.
Ал 1943-жылы Украинада согуш талаасында туткунга түшүп, андан ары Түркия, Германия өлкөлөрүн кезип, АКШга чейин жеткен. Анын тирүү экенин энеси жана бир туугандары 30 жылдан соң — 1973-жылы билишти.
«Сыдык Алдашовдун өмүр баяны өтө татаал болгон. 17 жашында согушка аттанган аскер туткунга түшкөн. Аны менен кошо кыргыз улутундагы 6 жигит болгон. 1945-жылы согуш аяктагандан кийин алар кайра мекенине кайта алышкан эмес. Анткени туткундан кийин аларды саткын катары көрүшүп, репрессияга туш болушмак.
Аталган 6 жигит аман калуу үчүн жер кезип, Германияга кетишет. Алардын арасында Азамат Алтай аттуу жигит да болгон. Ошентип отуруп, Сыдык Алдашов Америкага чейин барат. Ал жакта диним бир деп, түрк кызына үйлөнөт. Экөө 1 уул жана 1 кыздуу болушат. Алардын ысымдары — Сейитмурат жана Бүүайша. Ал 30 жылдан кийин тирүү экенин айтып, апасына Америкадан кат жиберет.
Сыдык 1977-жылы Орто Азияга туристтик тур менен 3 күнгө келет. Бир туугандары энесин Баткенден Бишкек шаарына алып келишет. Сагынычтан энесин бооруна басып, 3 күн жонуна көтөрүп жүрүптүр. Кайра кайтчу күн келип, кетерде бир туугандарына: “энемдин боору эзилиптир, абайлагыла!” деген экен. Анын айтканындай, 3 күндөн соң энеси көз жумат.
Ошону менен Сыдык Алдашов 1995-жылы өзү туулуп-өскөн Баткен районунун Кара-Булак айылына келет. Анда айыл эли тосуп алышкан. Келери менен айылдагы сүйгөн кызы Бүүайшага жолугат. Ал да чоң байбиче болуп калган эле. Экөө кобурашып, бир күн кечке чогуу жүрүшкөн. Ошондо үйүнө келип эле тыт дарагын издеген, анткени бала кезинде ошол тыттан жечү экен. Ал айылдагы аттаган арыктарга чейин эскерген. Сагыныч, кусалыгын таратып, туулган жеринин ууч топурагын алып кеткенин айылдаштары эскеришет.
Азыр эми ал кишилер өтүп кетишти. Үч бир тууган — Садык, Сыдык жана Махмазаиптин көзү өтүп кетти. Алардын балдары катташып турушат. Бир туугандардын балдары Америкада конок болуп келишкенин айтышат. Сыдык Алдашовдун кызы Бүүайша жана уулу Сейитмурат Америкада жашашат. Алар атасынын туулган жерине кызыгып, келүүгө ынтызар экенин билдиришиптир», – дейт тарыхчы Айтунук Казакова.
Сыдык Алдашов Американын Нью-Йорк шаарында жерге берилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
