Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Американын мурдагы президенти Жо Байденден простата безиндеги рак (агрессивдүү формасы) дарты аныкталганын «The New York Times» гезити Байдендин катчысына шилтеме кылып жарыялады. Ал учурда 82 жашта.
Гезиттин маалыматы боюнча, диагноз 16-майда дарыгерлер Байденди заара кылуу маселелеринен улам текшергенден кийин коюлган.
«Бул оорунун агрессивдүү формасы болгону менен рак гормондорго сезгич болуп, аны натыйжалуу дарылоого мүмкүнчүлүк берет», – деп айтылат маалыматта.
Катчынын айтымында, Байден жана анын үй-бүлөсү дарыгерлер менен бирге дарылануу жолдорун изилдеп жатышат.
Президенттик кызматта турган кезде Жо Байден мурда тери рагы менен ооруганын билдирген. Ага климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнүн булганышы себеп болгонун айткан.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					