Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Анын уулу Ильгиз Айдаров атасынын жолун улап милицияда иштеп жатат
Янгиликлар

Анын уулу Ильгиз Айдаров атасынын жолун улап милицияда иштеп жатат

Май 24, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну Ильгиз Айдаров милициянын катарында кызмат кылып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2019-жылы Бишкек шаарындагы милиция мектебин аяктаган.

«Ал жактан келгенде Талас облустук күзөт бөлүмүндө иштедим. 2022-жылы Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул күзөт бөлүмүнө киргем. Ошол учурдан бери иштеп келе жатам.

Негизи бул кесипти тандоомо атам түрткү болгон. Атам Айдар Алымкулов милициянын кызматкери (капитан) болуп иштеп жүрүп, кызмат учурунда каза болгон. Бүгүнкү күнгө чейин Талас облустук ички иштер башкармалыгында жыл сайын эскерилип келет. Атам каза болгондо мен 4-класстагы бала болчумун. Атам аймактык тескөөчү болуп эмгектенчү. Катардагы түнкү дежурствого чыкканда, кан басымы жогорулап, ооруканага жетпей каза болгонун айтышкан.

Менден кичүү бир туугандарым абдан эле кичинекей болушчу. Мен кичинемде ойноп келгенде атам жумушта же уктап жаткан болот эле. Жанына барып, жатып алып, сагынычыбызды таратып алчубуз. Ал эми бош учурунда биз менен ойноп, тоого чыгарып, балыкка чыгарып, ар кандай иш менен алек болчубуз. Кичинекей кезибизде эле «Уулум сен милиция кызматкери болосуң. Мен сени Москвада окутам» деп айтып калчу. Менде ошол нерсе жүрөгүмдө калып калган экен. Кесип тандоодо эч кандай башка ой болгон жок. Мен милиция кызматкери болом деп чоң жоопкерчилик менен келгем.

Мен үчүн апам баатыр аял, баатыр эне. Атам каза болгондо жаш болчу. 4 бала менен жалгы калды. Бизди таштап, оокат деп чет жакка кетип калган жок же экинчи турмуш күткөн жок. Бизди атадай дагы камкордукка алып, энелик мээримин төгүп, ар бирибиздин келечегибиз үчүн күйүп, жаныбызда болду. Мен милиция кызматкери болом десем дагы абдан колдоду. «Атаңдын кыялы эле, өзүңдүн дагы каалооң болсо, жакшы кызмат өтө» деп. Апама абдан ыраазымын», – деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жубайы да колдоо көрсөтүп келерин кошумчалады.

«Башында жубайым үйдө күн-түн жок болуп калганыма, кечирээк келгениме көнө албай, таарынып калган кездери болду. Анан апа ага «Сен эл сакчысынын жубайысың. Ильгизди тандаган соң, кесибин дагы сыйла, колдо» деп айтчу. Жубайым дагы азыр түшүнүп, колдоп келе жатат. 2 балабыз бар, экөөнү өз орду менен жайгаштырып, баарын ойдогудай кылып, үйдө тосуп алат. Милиция кызматкери үчүн жубайы чоң роль ойнойт десем жаңылбайм.

Бизде жумушта ар кандай окуялар болот. Көчөдө кандай көрүнүш болбосун, милиция кызматкери жүрү деп бизге ишенип чуркап келишет. Бир жолу жумуштан үйгө жаңы эле кирсем бир кесиптешим чалып калды. Көрсө анын сүйлөшкөн кызын бирөөлөр ала качып кетип, өзү болсо, күзөттө экен. Анан 102ни чакырып, алар менен кошо чыктык. Айылдын атын айтып жөнөткөн. Андай ат менен Таласта 2 айыл бар. Биз тиги кызды алып кеткен эмес, башка айылга кетип калыптырбыз. Бирок эң эле кызыгы ал айылда дагы келин алуу той болуп жатыптыр. Алар келинди ак көйнөк менен каадасы менен алып келип, үйлөнүп жаткандар экен. Милиция кызматкерлери барса, баары коркуп, абдан таң калышкан. Биз кайра ал жактан чыгып алып, экинчи айылды көздөй жөнөдүк. Барып кызды алып чыктык. Бейтааныш эле адамдар ала качуу деп алып кетишкен экен. Үйүндө кадимкидей музыка чыгып, той болуп жатыптыр. Анан баягы күзөттөгү кесиптешиби аз эле убакта кайрадан ушундай көрүнүш болбосун деп баш кошуп алышкан. Ушул окуя абдан эсимде калган», – деди ал.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleОштогу «Салкын-Төр» эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды
Next Article Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасы Монголиядагы мелдешке катышат. Кимдер барат?

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.