Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Аламүдүн районунун Арчалы айылында Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана генерал-майор Султаналы Самсалиевдин 105 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынан билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Азамат Эргешов, ошондой эле коомдук ишмер, Юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиев жана башка кадырлуу коноктор катышты.
«Султаналы Самсалиев 1920-жылы 22-мартта Арчалы айылында жарык дүйнөгө келип, 21 жаш курагында согушка катышкан. Согуш жылдарынан кийин 15 жылдан ашуун республиканын аскердик комиссары катары кызмат өтөгөн. 1962-жылы алгачкылардан болуп генерал-майор аскердик наамына татыган.
Жаштык жылдарын, дем-күчүн, бүтүндөй өмүрүн, билимин жана тажрыйбасын өлкөнүн өнүгүүсү үчүн арнаган. Анын ысымы Арчалы айылындагы орто мектепке ыйгарылган», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
