Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Асел Байкеева «Жыл мугалими — 2025» сынагында 1-орунду жеңип алды
Янгиликлар

Асел Байкеева «Жыл мугалими — 2025» сынагында 1-орунду жеңип алды

Май 19, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Көл облусунда өткөн «Жыл мугалими — 2025» сынагында Байкеева Асел Тыныбековна 1-орунду багынткан. Мугалимдин үзүрлүү эмгеги, кесипке болгон сүйүүсү жана тынымсыз изденүүсү тууралуу аймактык кабарчы менен маек курду. 

Асел Байкеева 1989-жылы 19-январда Нарын облусунун Нарын районундагы Оттук айылында туулган. Жети-Өгүз районундагы Даркан айылында жайгашкан Кудайберген Саалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстар мугалими. Мугалим болуу кичинесинен кыялы болгондуктан мектепти аяктагандан кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин информатика адистиги боюнча жана Нарын мамлекеттик университетинин башталгыч класстарынын педагогикасы жана методикасы боюнча билим алган. 

«Менин мугалим болушума негизги себеп, балдар менен иштөө мен үчүн чыныгы бакыт экендиги. Ар бир баланын көзүндөгү кызыгуу, жаңы нерсени үйрөнүүгө болгон аракетин көрүү мен үчүн чоң шыктануу. Мугалим — жөн гана сабак берип коюучу эмес, ал баланын келечегине жол көрсөткөн чырак.

Мектепте окуп жүргөндө өзүмдүн мугалимдеримдин чыдамкайлыгы, акылы жана мээрими мага чоң таасир калтырган. Алардын аркасынан мен да ушул кесипти тандадым. Эми менин максатым — ошол эле мээримди, билимин жана тарбияны кийинки муунга өткөрүү. 

Мугалим катары менин келечекке болгон пландарым так жана максаттуу. Ар дайым өзүмдү өнүктүрүп, заман талабына жооп берген мугалим болуу менин негизги тилегим. Билим берүүдө жаңы технологияларды колдонууну үйрөнүп, инновациялык усулдар аркылуу сабактарымды кызыктуу жана таасирдүү кылууну максат кылам.

Ошондой эле кесиптик деңгээлде жогорку квалификациялуу мугалим болуп, жаңы методикалык материалдарды түзүп, кесиптештерим менен тажрыйба алмашуу мен үчүн маанилүү. Ар бир окуучунун потенциалын ачып, аларды өз алдынча ой жүгүртө билген, чыгармачыл инсандар катары тарбиялоого аракет кылам.

Келечекте билим берүү жаатындагы реформаларга салым кошуп, коомду өзгөртүүгө багытталган демилгелерге катышуу да менин чоң максаттарымдын бири.  Мугалим катары эмгегимдин үзүрүн бүтүрүүчүлөрүмдүн жетишкендиктеринен көргөнүм, мен үчүн чоң сыймык. Ар бир окуучу өз алдынча бир дүйнө, ал эми алардын ийгилиги — менин эмгегимдин жемиши», – дейт ал. 

Асел Тыныбековнанын педагогикалык жолунда көптөгөн эсте калаарлык учурлар болгон. 

«Ар бир мугалимдин кесиптик жолунда жүрөккө жылуу, унутулгус учурлар көп болот. Мен үчүн эсте калган эң таасирдүү окуялардын бири — эң биринчи жолу сабак өткөн күнүм. Балдардын мага караган таза, кызыгуу менен толгон көз караштары жүрөгүмдө улуу жоопкерчилик сезимин ойготкон.

Бир күнү окуучумдун бири колуна кичинекей кагазды кысып келип: “Сиз эң мыкты мугалимсиз, мен сизди жакшы көрөм !” деп айтты. Ал кагазда жүрөктүн сүрөтү жана “Алтын эжейим!” деген жазуу бар эле. Ошол жөнөкөй белек мени чындап шыктандырып, бул кесипти туура тандаганымды дагы бир жолу далилдеди.

Мугалимдик кесипте ар күн ар башкача окуяларга бай. Кээде күлкүгө, кээде таң калууга толгон учурлар болот. Окуучуларымдын тамашага салганы өзгөчө бир эсте калган учур болуп калды.

Бул окуя 1-апрель күнү болгон. Эртең менен эле класска кирсем, балдар ызы-чуу. Бир кызым ыйлап жаткан экен. Аябай жаман болуп кеттим. Көрсө окуучуларым тамашага салып жатышыптыр. Мен эмне дээримди билбей, бир саам туруп калдым. Мени таң калтырганы бул тамашаны канчалык уюшкандык менен, алдын ала даярданып жасашканы болду. 

Башталгыч класс мугалими — бул ар бир баланын билимге болгон алгачкы кадамын туура багыттап, анын ички дүйнөсүн калыптандырууда чоң роль ойнойт.  Башталгыч класс мугалими бир эле учурда мугалим, тарбиячы, кеңешчи жана ата-эне болот. Ал баланын жүрөгүнө жол таба билген, жаш курактык өзгөчөлүктөрдү эске алып иш алып барган педагог болушу зарыл», – деп эсептейт Асел. 

«Жыл мугалими — 2025» сынагынын облустук туру Асел Тыныбековна үчүн өзүн өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк болгонун билдирди. 

«Республикалык деңгээлдеги сынакка катышуу — ар бир мугалим үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик. Бул сынакка даярдануу мага жаңы изденүүлөргө жол ачып, өзүмдү кайрадан ачууга түрткү берет. Ар бир тапшырманы так, жоопкерчилик менен аткарып, сабактарымды заманбап талаптарга ылайыктап, чыгармачылык менен даярдоого аракет кылам. Ошондой эле сынактын 1-этабы тест болот. Тесттен ийгиликтүү өтүү менин эң башкы максатым», – дейт мыкты мугалим.

Ал Жети-Өгүз районунун Даркан айылынын тургунуна 2009-жылы турмушка чыккан. Учурда жолдошу экөө 3 баланын ата-энеси.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЖекше Субанбеков Ысык-Көлгө келген космонавт Юрий Гагаринди кооз жерлерге ташыган
Next Article 20-майда Аламүдүн-1 кичи районунда таза суу болбойт

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.