Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Алдамчылыкка шектүүлөр кармалды, деп билдирди 6-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.
Жабырлануучу Асия (ысымы өзгөртүлдү) 26-февралда милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, интернеттен Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы №3 аймакта жайгашкан үй сатылып жатканы тууралуу жарыяны көргөн. Арыз ээси ал үйдүн ээсимин деген жарандарга 2 млн 602 миң 500 сом каражатын берген. Ал эми акчаны алган тарап документтерди 1 айдын ичинде берүүнү убада кылышкан. Бирок ошол бойдон алдап кетишкен.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталды. Милиция кызматкерлери тарабынан 1964-жылы туулган О.Ч. жана 1991-жылы туулган М.Ч. шектелип кармалып, убактылуу камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					