Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Асман шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен түзүлгөн макулдашуу жокко чыкты
Янгиликлар

Асман шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен түзүлгөн макулдашуу жокко чыкты

Май 1, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Министрлер кабинети 2024-жылдын 23-ноябрындагы «CITIC Merchant» компаниясы жана «Модуль Хаус» ЖЧКсы менен «Асман экологиялык таза шаарын куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууну бузду.

Минкабдын 23-апрелдеги тескемесинде баяндалгандай, 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 724 тескеме күчүн жоготту деп табылды.

Макулдашууну бузуунун себеби көрсөтүлгөн эмес.

Маалымат үчүн:

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Модуль Хаус» ЖЧКсынын жетекчиси Атантаев Эрмек Эдуардович, негиздөөчүлөрү: Токтобеков Эламан Сүйүнбекович, Базарбаева Жыпаргүл Тургунбековна. Ишмердүүлүк чөйрөсү: турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруу. Компания 2022-жылдын 28-февралында катталып, 2024-жылдын 21-майында кайра каттоодон өткөн.

«CITIC Merchant Corporation Limited» банктык фирма катары иштейт. Компания биригүү жана кошулуу, корпоративдик каржылоо, активдерди башкаруу, негизги инвестициялар жана фонддорду башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтөт.

«CITIC Limited» — Кытайдын эң ири конгломераттарынын бири.

Маселенин тарыхы:

Инвестициялык макулдашууга ылайык,

«CITIC Merchant» 480 млн доллар инвестициялашы керек болчу, анын ичинен 50 млн доллар инвестициялык келишимге кол коюлган күндөн тартып 1 айдын ичинде инвестицияланып, курулушту 2024-жылдын 1-декабрынан кечиктирбестен башташы керек болчу.

«CITIC Merchant» компаниясына Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жалпы аянты 4015 га болгон жер тилкеси 49 жылга убактылуу пайдаланууга берилген.

Курулуш аяктагандан кийин жана инфраструктуралык объектилер ишке киргизилгенден кийин «CITIC Merchant» жана «Модуль Хаус» ЖЧКсы бул объектилерди 49 жылга ээлик кылуу жана башкаруу укугуна ээ болушу керек болчу, мында ар бир объекттин 10%ы Министрлер кабинетинин менчигине өткөрүп берилмек.




Президенттин иш башкармалыгына караштуу Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясынын атынан Министрлер кабинети ИНН: 02703202410280 ОКПО: 32667289 Дареги: Бишкек ш., Чыңгыз Айтматов проспектиси, 301 Э/с: 1350100020039220 Банк: «Элдик Банк» ААК БИК: 135001 Почта индекси: 720017 «CITIC Merchant» компаниясы 1. Fu Yuen Chemical Material Limited. 2. Bank of beneficiary: Nnayang Commercial Bank (China). 3. Address of bank: Building 2, No. 88 Huachi Street, Suzhou Industrial Park, Jiangsu Province. 4. Account no. NRA0434480000461251. 5. Swift no. NYCBCNSH «Модуль Хаус» ЖЧКсы

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-июнунда Асман экошаарынын курулушун баштап берген.

Долбоордун болжолдуу суммасы 20 млрд долларды түзөөрү, ишке ашыруунун болжолдуу мөөнөтү 7-10 жылга эсептелгендиги айтылган.



Болжол менен 10 күндөн кийин Асман шаарынын курулушу башталат, деп 2024-жылдын 25-майында Садыр Жапаров Балыкчыдагы эт комбинатынын ачылышында убадалаган.

Алгачкы курулуш иштер башталгандыгы тууралуу 2024-жылдын 12-июлунда курулуш министри Нурдан Орунтаев билдирген.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleОш шаарында 1 ай мурда кызматка дайындалган жетекчи кайра башка жакка которулду
Next Article Ошто кызыл сызыктан чыгып кеткен мечит бузулат

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.