Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush —
12-18-май күндөрү жалпы республикада анын ичинде Ат-Башы районунда Европалык эмдөө жумалыгы өтүп жатат. Бул тууралуу Ат-Башы району боюнча иммунолог адис Назира Миназарова билдирди.
Маалым болгондой, эмдөө жумалыгын негизги максаты — кандайдыр бир себептер менен эмдөөлөрүн толук албай калган жаш балдар, чоң адамдарды, ошондой эле эмдөөдөн баш тарткан жарандарыбызды эмдөөгө тартуу, эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча калкка кеңири маалыматты жеткирүү болуп саналат.
Бул максатта районубуздагы мугалимдер, РЖДПБнун дарыгери, айыл өкмөттүн социалдык тармагындагы кызматкерлер, диний кызматтын өкүлдөрүнүн катышуусу менен райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында тегерек стол өттү.
Буга чейин Turmush басылмасына Нарын облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Ат-Башы району боюнча бөлүмүнүн иммунолог адиси Назира Миназарова эмдөө албоонун кесепети жана бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу аймактык кабарчыга маалымат берген.
Анын айтымында, 2025-жылдын 12-18-май күндөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен жалпы республика боюнча Европалык эмдөө жумалыгы өтүп жатат.
«Бул саамалык 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет. Натыйжада жаш балдар арасында жугуштуу оорулардын саны азайганын белгилөөгө болот. Эмдөө жумалыгынан тышкары, район боюнча жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр жылдык календарына ылайык төрөт үйүнөн башталып, 56 жашка чейинки жарандарга жүргүзүлөт. Булардын ичинде кызамык, кызылча, тепки, көк жөтөл, кептөөр сыяктуу 13 түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр бар», – деди Н.Миназарова.
Адистин айтымында, акыркы жылдары, тактап айтканда 2022-жылдан бери кызамык оорусунун эпидемиологиялык абалы курч бойдон калууда. Ооругандардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу өскөн, жана тилекке каршы, жаш балдар арасында өлүм учурлары да катталган. Бул оорунун жайылышы негизинен эки себепке байланыштуу: эмдөөдөн баш тарткандар жана эмдөө курагына жете элек балдар.
«Европалык эмдөө жумалыгынын негизги максаты — эмдөө албай калган жарандарды жана эмдөөдөн баш тарткандарды эмдөөгө тартуу, эл арасында эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымат жеткирүү. Акыркы жылдары ар кандай диний көз караштардын негизинде эмдөө тууралуу терс маалыматтар тарап, жарандар арасында баш тартуулар көбөйдү. Учурда районубуздагы бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда (УДТ) жана фельдшер-акушердик пункттарда (ФАП) эмдөөлөр жүргүзүлүүдө. Колдонулуп жаткан вакциналардын баары Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сертификатына ээ. Эмдөөлөр бир жолу колдонулуучу шприцтер менен, коопсуз эмдөө практикасынын эрежелерин так сактаган, дасыккан медициналык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт», – деди адис.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					