Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ат-Башы райондук аскер комиссариаты тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана тылда эмгектенген ардагерлерге «Улуу Жеңишке 80 жыл» юбилейлик медалдары тапшырылды.Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аскер комиссариатынын кызматкерлери ар бир ардагердин үйүнө барып, алардын абалын сурап, сыйлыкты өз колдору менен тапшырышты.
Медал менен сыйланган ардагерлер:
- Мамырбаева Сүйүн — 1927-жылы туулган, Өзгөрүш айылынын тургуну;
- Мусаканов Осмонакун — 1927-жылы туулган, Баш-Кайыңды айылынын тургуну;
- Сатиева Попи — 1925-жылы туулган, Баш-Кайыңды айылынан;
- Жапаров Сатынды — 1926-жылы туулган, Ат-Башы айылынын тургуну.
Согуш жылдарында Ат-Башы району 2647 жоокерин кан майданга узаткан. Алардын ичинен 1679у гана мекенине кайтып келген. Ат-Башы Советтер Союзунун Баатырлары Дайыр Асанов менен Анварбек Чортековдун туулган аймагы болуп саналат. Ошондой эле аталган райондон чыккан жоокерлердин ичинен 68и «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланган.
«Кызыл Жылдыз» ордени СССР учурунда берилген. Ал:
– Аскердик кызматтагы каармандык үчүн;
– Согуш талаасында көрсөткөн эрдик жана чебердик үчүн;
– Чек араны коргоодо же ички коопсуздукту камсыздоодо көрсөткөн эрдик үчүн ыйгарылган.
Кыскача айтканда, «Кызыл Жылдыз» ордени фронтто, согуштук аракеттерде өзгөчө баатырдык көрсөткөн аскерлерге, офицерлерге жана айрым учурларда жөнөкөй кызматкерлерге да берилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
