Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Бекболотов коргоо министри кызматынан бошотулду.
Ал Коргоо министрлигин 2021-жылдын сентябрынан бери жетектеп келген.
Бекболотов бул кызматта Марат Иманкуловдун ордуна келди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					