Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын 26 жаштагы тургуну Эркайым Эрикова багбанчылык менен алек. Алманы интернет аркылуу сатууну өздөштүргөн Эркайым багбанчылык менен байланган балалыгы, турмушу жана түйшүгү менен бөлүштү.
«Мен 1998-жылы 9-декабрда Тоң районунун Кара-Талаа айылында жарыкка келгем. 2016-жылы Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебин бүтүрүп, Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетинде билим алдым. Өз кесибим менен жалпы 5 жыл иштедим, учурда бир аз тыныгуу алып, багбанчылык жана соода-сатыкка ооп кеттим. Учурда бир бутум Бишкекте болсо, экинчи бутум Ысык-Көлдө болуп жатат. Антсе да фриланс катары журналистика жаатында бир нече долбоор менен иштеп калам.
Мен төрөлүп-өскөн чакан айыл Ысык-Көлдүн жээгине жакын жайгашкан. Климаты, аба ырайы мөмө-жемиш өстүрүүгө ылайыктуу, жазы эрте келип, жайы жылуу болот», – дейт ал.
Каарманыбыз үй-бүлөсү боюнча кыскача айтып берди.
«Ата-энем да Кара-Талаа айылынан болушат, мектепте бир парта үстүндө отурган классташтар болгон. Атам Эрик Абдылдаев багбанчылык менен алек болсо, апам Шайыркүл Керимкожоева 25 жылдан бери мектепте орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенип келет. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, 1 уул жана 3 кыз. Агам Мирлан көп жылдан бери өз үй-бүлөсү менен Америкада жашап иштейт. Сиңдим Айкерим кыргыз-түрк “Манас” университетинде англис тилинен котормочу адистигине окуп жатат. Эң кичүүбүз Элдана мектепте 8-класста окуйт.
Атамдын айылда бакчасы бар, ошол жактан алган түшүмү менен 4 баласын багып, бутуна тургузду десем болот. Бала чактан ошол бакчанын алмасын, өрүгүн, карагатын, алмурутун терип, атама жардам берип чоңойдук. Мындан улам багбанчылыкка болгон кызыгуум күч», – дейт ал.
Анын айтымында, 4 жыл мурун үй-бүлөсү күтүлбөгөн жоготууга кабылган.
«Тилекке каршы, 2021-жылы атам каза таап, үй-бүлөбүз чоң жоготууга учурады. Анын көзү өткөндөн кийин биз эле эмес, бак-дарактар да жетимсирей түштү…
Мурун атам бакчада өзү жалгыз кыбырап, бир нерселерди кыла берчү. Мен анын жумушунун оордугуна маани деле берчү эмесмин, күнүмдүк аткарып жүргөндөй ишиндей эле туюлчу. Мына эми атамдын көзү өтүп кеткенден кийин гана багбанчылык абдан түйшүктүү иш экенин туюп отурам. Атамсыз алгачкы жылдары бакчага кам көрүүү биз үчүн оор болду. Баарыбыз чогулсак да, ал жасаган жумушту аткара албай жаттык. Анткени бакчага кам көрүү, сугаруу, тазалоо иштерин атам өзү кылчу. Бак-дарактардын айрымдары ооруп, түшүм да жакшы ала алган жокпуз. Ошентип, 4 жылдан кийин гана атамдын ишин өз нугунда салдык», – дейт ал.
Быйыл алмадан 10 тонна түшүм алган Эркайым интернет аркылуу соода-сатык кылуу сырларын айтты.
«Алманын “Превосход” деген сортун гана өстүрөбүз, ал эми өрүктүн 4-5 сорту бар. Акыркы жылдары алма менен өрүктүн баасы аябай түшүп кетти. Кеткен чыгымдарды актабай, пайда деле көрүлбөй жатат. Бүгүнкү күндө алманын чоңдорун 50 сомдон, орточолорун 30 сомдон сатып жатам. Ал эми майдаларын бекер эле таратуудамын. Былтыр биз жакшы карабай, бак-дарактардын түшүмү курттап, үшүк алып кетти. Быйыл бак-дарактарды жакшылап дарылап, кам көрүп, салыштырмалуу көбүрөөк түшүм алдык.
Алмадан жалпы 10 тонна түшүм алдык. Учурда алмаларды Бишкекке алып келип, социалдык тармак аркылуу сатып жатам. 8 тоннага чукул алманы ошол эле социалдык тармактардын жардамы менен саттым. Башында “ошончо алманы кантип сатам?” деп коркуп жаткам. Базарда чыга турган ордум жок, дүң сатып алуучулар арзан баада алгылары келет. Анан апам: “алманы интернет аркылуу кантип сатасың? Алышпайт го” деп, башында ишенбей жаткан, азыр болсо мени “молодец” деп мактап жатат. Бир адам алманын даамын татып, экинчи адамга мактап койсо эле соода-сатык жүрө берет экен.
Алманы Бишкектеги үйүмдүн жанынан эле сатып жатам. Алмаларды 10 килограммдан желим баштыкка салып даярдап коём. Кардарлар мени интернет аркылуу көрүп, өздөрү үйгө келип алып кетишет, же “такси менен салып жибер, акчасын өзүбүз төлөйбүз” дешет. Башында “таксинин эле акчасы 200-400 сом болсо, менин 30 сомдук алмамды алышабы?” деп кооптончумун. Бирок ага карабай, өзүбүздүн жергиликтүү көлдүн алмасы деп алып жатышат», – дейт ал.
Ал алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.
«Бүгүнкү күндө англис тилин өнүктүрүүнүн үстүндө жүрөм. Алдыга койгон негизги ой-максаттарымдын бири — дыйкандардын, багбандардын жумушун жеңилдетүү, кирешеге чыгуу. Ал үчүн бул жаатта чет өлкөдөн магистратурада окуп келүүнү көздөп жатам. Дыйкандардын, багбандардын түшүмдөрүн экспортко чыгарып, логистика системасын, дыйкан менен кардарды ортомчусуз байланыштырган стартап түзгүм келет», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					