Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын 79 жаштагы тургуну Сепия Кадыракунова өзгөчө ысымы менен сыймыктанат. Ал бар өмүрүнүн теңин эсеп-кысап тармагына арнап, 40 жашында чоң кыялын ишке ашырганын аймактык кабарчыга айтып берди.
Анын атасы Улуу Ата Мекендик согуштан кайтып келген соң, кыздуу болуп, өзгөчө ысым ыйгарган. Серия Кадыракунова үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжеси.
«Мен 1946-жылы жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 2 эжем, агам жана мен кенжесимин. Атам согуштан кайтып келип кыздуу болгон соң мага элде жок Сепия деген өзгөчө ысымды койгон экен. Атамдын айтымында, эмнегедир ушул ысым оозуна келип эле, оюнан кетпей туруп алган экен. Балалыгым Түптүн Тогуз-Булак айылында өттү. Балалык мезгилде бул ысымым өзүмө жакпай өөн учурады, айрым учурда уялган да мезгилим болду. Анткен менен кийин элде жок ысым экенине ынанып, эл арасынан жакшы пикир угуп калдым. Азыр болсо сыймыктанам», – деди ал.
Сепия апа мектепти аяктаган соң 18 жаш курагында өмүрлүк жолдошу менен баш кошкон. Үй-бүлөдө 5 кыздуу болуп учурда 19 небере, 16 чөбөрөлүү болду.
«Насип буйруп, өмүрлүк жолдошум менен 18 жашымда баш кошуп, экөөбуз 19 жыл түтүн булатып бирге жашадык. Жолдошум Жети-Өгүздүн Дархан айылынын тургуну. Ал жол тейлөө тармагы боюнча кесипти аркалап, жумушуна байланыштуу адегенде эле түштүк аймактан орун-очок алдык. Ордолуу Ош жергесинде жашап, экөөбүз тең бирге жол тармагында эмгектендик. Мен болсо эсеп-кысап боюнча кыска мөөнөттүк курстардан билим алып, эсепчи болуп орноштум. Ошентип, кызматтык дайындоо боюнча Жалал-Абад облусуна, андан Чүй өрөөнүнө жана кайрадан Каракол шаарына келдик. Турмуш жолубузда 5 кызды тарбиялап чоңойттук.
Кичүү кызым төрөлүп, 1 жашка чыкканда 1983-жылы өмүрлүк жолдошум мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ошондо балдарымды чоңойтуу түйшүгүн арттым. Ар бир кыйынчылыктын артында жакшылык турат дегендей 40 жашка келгенде экинчи кызым менен теңтайлашып, Бишкек шаарындагы окуу жайлардын биринде бухгалтердик кесип боюнча сырттан окуу бөлүмүн аяктадым. Негизи диплом алып, кесиптин ээси болуу менин бар өмүрүмдөгү кыялым болчу. Ушул максатым жүзөгө ашканда абдан сүйүндүм», – деди ал.
Ал эсепчилик кесипти 45 жыл аркалап, ардактуу эс алуу мезгилине чыкканча Жогорку сотто жана сот департаментинде башкы эсепчи болуп эмгектенген.
«Жарым кылымга жакын эмгек өмүрүмдү эсептик жумушка арнаганыма сыймыктанам. Бул кесиптин ээси болгонум мен үчүн сыймык. Диплом алган соң юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгында башкы эсепчи, сот департаментинде башкы эсепчи жана ошондой эле жогорку сотто дагы башкы эсепчи болуп эмгектенип, 67 жашымда ардактуу эс алууга чыктым. Учурда Ысык-Көл районунун Бостери айылында жашап жатам. Күн сайын 2 сааттык убактымды сейилдөөгө арнап, атайын көл жээктеп басып келем. Андан сырткары чакан чарбама гүл өстүргөндү жактырып, жашоомдон ырахат алуудамын», – деди Сепия апа.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					