Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Балыкчы—Тамчы—Чолпон-Ата—Корумду унаа жолунун 77,5–81,4 чакырымдык тилкеси — 3,9 чакырымдык бөлүгү (Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү) толук кандуу реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу «Tazabek» басылмасына Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы жана курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясы тарабынан аткарылууда.
«Долбоорго ылайык, жол 4 тилкеден турат, ар бир тилкенин туурасы 3,5 метрди, ал эми жолдун жалпы туурасы 14 метрди түзөт. Эл аралык макамы бар бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алуу менен, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында алгач 9 см калыңдыктагы асфальтбетондун биринчи катмары, андан кийин 6 см калыңдыктагы асфальтбетондун үстүнкү катмары төшөлөт», – деп айтылат билдирүүдө.
Долбоордо ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү, лотокторду жана жол жээктерине бордюр таштарын орнотуу, унаа токтотуучу жайларды жана жолдун эки тарабына тротуарларды куруу, 2 көпүрөнү оңдоо каралган.
Аймакка 70тен ашык техника жана 180ге жакын жумушчу тартылып, иштер белгиленген график боюнча жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
