Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Баткен шаарындагы коомдук транспорттордо жол акыны көтөрүү маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, соңку 3 жылдан бери шаардагы маршруттук каттамдарда жол акы 15 сом бойдон сакталган. Бирок акыркы учурда күйүүчү майдын жана унаа тетиктеринин баасынын кескин кымбатташы бул маселени кайрадан көтөрүүгө түрткү берген.
Жол акыны 20 сомго көтөрүү сунушу коомдук пикир алуу үчүн талкууга коюлду. Андан соң шаардык кеңеште каралып, 20 сомго кымбаттайт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					