Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Баткен облусунун аймагында жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча рейддик иш-чаралары уланууда.
Облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин алкагында 1-майдан 4-майга чейин жалпы 505 укук бузуу протоколу түзүлгөн.
Анын ичинде мас абалында унаа башкарган 24, каршы кыймылга чыгуу менен озуп өтүү эрежесин бузгандар 78 айдоочуну түзгөн.
Алдыңкы каптал терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу (тонировка) 5, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган 41 айдоочунун унаасы атайын айып короо жайына токтотулган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
