Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Баткенде мурдагы кирпич заводдун жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкеси мамлекеттин карамагына кайтарылды.
УКМК билдиргендей, Баткен шаарынын Чет-Булак конушунда жайгашкан мурдагы кирпич заводунун 8,63 га жер тилкеси Т.М. аттуу жаранга жеке менчикке мыйзамсыз берилген.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Т.М. аракетинин мыйзамсыздыгын мойнуна алып, 8,63 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттик баланска өткөрүп берди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
