Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Баткен облусунда марокко чегирткелерге көбөйүп, ага каршы күрөшүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Маалымтка караганда, 20-майга карата Баткен облусу боюнча жалпы 16050 га аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, 12750 га аянттан зыяндуу чегирткелер аныкталган. Анын ичинен 5000 га аянтта химиялык иш-чаралар аткарылды.
«Учурда айыл өкмөттөр менен биргеликте чегиртке бар аймактарды дарылап, аларга каршы каражаттарды авиация жана атайын автоунаа менен чачып жатабыз. Бул даары мамлекет тарабынан берилет. Жергиликтүү тургундар өз алдынча даарылоого болбойт. Айыл өкмөткө кайрылыш керек.
Чегирткенин зыяндуу марокко түрү. Бул 5 жашка бөлүнөт. 4 жашка чейин биз дарылап жок кылышыбыз керек. Анткени 5жашта канаттары чыгып учуп, башка аймактарга барып тукум таштап өзү жок болот. Ал мүмкүн тоого барат же дагы башка аймакка жайылтат. Ошого эртерээк жок кылуубуз керек. Биздеги дарылар жарым саатта өлтүрө алат.
Кадамжайда Тамаша айылында, Баткен районунда Рават айылында чачтык. Азыр Лейлектин Төө-Жайлоо деген жеринде 3 айыл өкмөттүн жерин дарылап жатабыз. Авиация менен чачып жатабыз. 3 унаа, 1 авиация иштеп жатат», – деди Баткен химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча башкармалыгынын башчысы Асанбай Акматов.
Апрель айында Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Сузак райондорундагы 3 миң гектардан ашуун жайыттарды марокко чегирткеси каптаганы кабарланган. Анда тиешелүү адистер тарабынан жалпы 4770 гектардай жер изилденип, анын 3650 гектарында зыяндуу чегиртке чыкканы аныкталганы айтылган. Чегирткелерди жок кылуу үчүн 1750 гектар жерге химиялаштыруу жумушу жүргөн.
- Марокко чегирткеси — талааларды, жарым чөлдөрды байырлашат. Алар жамгыр аз болуп, аба ырайы ысык болгондо көбөйүшөт. Бул чегирткелер айыл чарба өсүмдүктөрүн олуттуу зыян алып келишет.
-
Кыргызстанда чегирткелердин 50дөн ашык түрү кездешет. Чегирткелер негизинен үйүрлүү жана үйүрлүү эмес деп бөлүнөт. Үйүрлүү чегирткелерге, Марокко чегирткеси жана Италия чегирткеси кирет. Аталган эки түр башка чегирткелерден айырмаланып, өтө чоң аянттарга таркалып, айыл чарбасына олуттуу зыян келтирет. Алыс аралыкка учушат. Бир күндө 100 км аралыкты учуп өтүүгө жөндөмдүү. Өтө сугалак. Салыштырмалуу айтканда, 500 миң чегиртке бир күндө 2500 адамдын тамагын жейт жана төлчүл келип, бир ургаачы чегиртке 40-80 жумуртка таштайт.
Мындан тышкары коркунучу азыраак түрлөрү дагы бар. Алар – Туран чегирткеси, Чырым кобылкасы, Атбасар кобылкасы жана Сибирь кобылкасы. Кээ бир жылдары бул чегирткелердин популяциясы көбөйүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген учурлар катталган. Зыянкеч чегирткелердин биологиясы боюнча, алардын массалык чыгуулары ар бир 8-11 жылда болуп турат. Кыргызстанда:
– 1980-жылы – 570,0 миң гектарда;
– 1989-жылы – 160,0 миң гектарда;
– 2008-жылы – 157,0 миң гектарда;
– 2018-жылы – 146,0 миң гектарда катталган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
