Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Баткен шаарынын тургуну Адина Мусаева колдо кийим токуп, киреше табууда. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Адина Мусаевага буюртмалар өлкө аймагынан түшөт. Алгач жакындары үчүн токуса, азыр атайын дүкөн ачкан.
«Өзүм декреттеги жалгыз бой энемин. Кесибим боюнча мугалим. Тойлорго чачылаларды жасайм, плакаттарды, чакырууларды бонбоньеркилерди жасайм. Андан сырткары кийим жана башка буюм токуйм. Бул өнөрдү апам үйрөткөн.
Интернеттен карап жаңы фасондорду карап алып, үйрөндүм. Башында жакындарыма гана токуп берчүмүн. Эң алгачкы эмгегим чайнектин астына коё турчу буюмду токугам. Башында Кыргызстанда токуп жүргөндө, алуучулар аз эле. Кийин Москвадан сапаттуу жиптерди таап, сапаттуу токуй баштадым. Буюртмалар да көбөйдү. Негизи бул да аялдар үчүн эң жакшы нерсе. Анткени стресстен арыласың, эс аласың, каалаган убакта токуй бересиң, кеткен чыгымга, мээнетке жараша баа коёсуң. Айрыкча декреттеги айымдар үчүн жакшы кирешелүү өнөр. Алгачкы үйрөнгөн нерсемди апама же кызыма токуп көрөм. Негизи бул өнөрдү бойдок кезимде эле үйрөнгөм, декреттик өргүүдө кереги тийди.
Чоңдорго, кичинекейлерге кийимдерди токуйм. Жемпр, кардиган, моюн орогуч, топу, кол кап, жаш балдарга кийим, жоолук, сарафан жана башка буюмдарды да чыгарам. Баасы да капчыкка ыңгайлуу. Мисалы жаңы төрөлгөн ымыркайларга 1500 сомго жамынчу төшөк жасайм. Эң кымбат кордиганды 2500 сомго саттым.
Ал эми бонбоньеркини ошол декретте отурганда үйрөндүм. Токуп киреше таап ага үйдө отуруп принтер, ноутбук сатып алдым. Интернет аркылуу онлайн буюртмаларды алып, тойлорго чакыруу, жентек же кыз узатууга бонбоньеркилерди жасап чыгарам. Визиткаларды жасайм. Азыр да үйдө кээде түнү менен уктабай жасап кыркып чыгам. Бул өтө майда иш. Бир тойго 200-300 буюртма болуп калат. Кээде кутуга момпосуй кошуп жасаш керек болот. Байлагычтарын (лента) байлап чыгыш керек болот. Кээде жазуулардан адашып кеткен учур болот. Буюртмачылардан ошондой ката кеткенде албай койгон учур болду. Аябай ызаланчумун. Кызымды уктатып анан жасайм.
Кызым азыр кичинекей болгондуктан ар дайым жанымда. Буюртмаларды экөөлөп жеткирип келебиз. Анан жакынкы күндөн бери атайын шаар ичиндеги базардан жай алып, дүкөн ачтык. Ошол жерде эле токуйбуз, жаш балдардын кийимин сатабыз, бонбоньерки жасайбыз, буюртма алабыз», – дейт Адина Мусаева.
Адина Мусаева учурда 30 жашта. Бир кыздын апасы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					