Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Баткен районунун Кара-Токой айылынын тургуну Ысманали Маркаев 30 жылдан бери тамырдан сувенир жасап келет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.
Ысманали Маркаевдин жасаган буюмдары мурда сатыкта жүрсө, азыр көргөзмөлөргө гана алып чыгат. Көчмөндөр оюндарында туристтер анын эмгектерин кымбат баалап алышкан.
«Жаштайымдан эле тоо-ташта жүрүп чоңойгонмун. Бала чагымдан эле кол өнөрчүлүк менен алектенем. Азыр мен жасап жаткан сувенирлер тоодо өскөн көөл деген өсүмдүктөрдүн тамырынан жасалат. Казып келип, эмнеге окшош экенин карап, мисалы жыланга, атка же адамга окшоштуруп анан жасай баштайм. Бул кудай берген талант. Сүрөт тартам, скульптормун. Окуган эмесмин. Айылдагы көп нерселерди жасап чыгардым.
Булар тамырдан жасалып, сыртынан сырдалат. Мурда сатып жүрчүмүн. Көп эмгекти талап кылгандыктан 3000 сомдон жогору көлөмүнө жана мээнетине жараша саттым. Бир кардар көбүрөөк сатып алса гана сатам. Бул туулган күндөргө же жакшылыктарда эсте кала турчу белек болуп эсептелет. Азыр көргөзмөлөргө гана чыгам. Алдыңкы орундарды алып келем. Жер көрүп келем. Уулдарымдын бирөөсү мени тартып, кол өнөрчүлүк менен алектенет», – дейт кол өнөрчү Ысманали Маркаев
Ал учурда 54 жашта, 2уул, 1 кыздын атасы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
