Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Баткендик Төлөн аксакал атасынын өнөрүн улантып, 30 жылдан бери өрүк комуздарды жасап келет
Янгиликлар

Баткендик Төлөн аксакал атасынын өнөрүн улантып, 30 жылдан бери өрүк комуздарды жасап келет

Май 13, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Баткен шаарынын 75 жаштагы тургуну Рахманов Төлөн аксакал 30 жылдан бери комуз чаап келет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, атасы уста болгон.

«1995-жылдан бери комуз жасап келем. Ошол жылы Таласта Манастын 1000 жылдыгы болгон. Ошондо менин жасаган комуздарымды көргөзмөгө алып барып, мени алып барышкан эмес. Телеберүүдөн бир гана менин комузум чыккан. Ошондо ушунчалык капа болгом. Бир жагы Баткендин атын чыгардым деп кубандым.

1 жылда орточо 50-60 даана комуз чыгардым. Россия, Түркияга чейин буйрутма берип алып кетишет. Ошол убакта баштап жасап баштаганымда обончу аткаруучу Аппаз Жайнаков 2 комузумду  350 сомдон сатып келген. 1жыл жасаган комуздар баары ошол жылы эле сатылып кетет.

Күздө суу кайткан маалда өрүктү кесип алам. Канчалык көп турса ошончо жакшы болот. Мурда өрүк табыш кыйын эле. Азыр өрүк деле көп. Кылын сурангандарга ичегиден тартып берем. Анан негизи кыл жиптерди сатышат, ошолордон эле тагам. Бардык материал даяр болуп, такталар даяр болсо бир комузду 1 жумада жасайм.

Андан сырткары жыгачтан идиш-аяктарды жасайм. Жыгач кайнатылып анан даярдалат. 5-6 ай кургайт, түйшүгү оор. Жыгачты тешүү кыйын, жарылып кетиши ыктымал.

Ыраматылык атам менин төрөлгөнүмө 20 күн болгон эле өтүп кетиптир. Атам да комуз жасап, чертчү экен. Эми менин балдарым да жасайт. Бир кыйналып жүргөн, жокчулук учурлар болду. Ошондо да ушул өнөр нан таап берди. Ушуга шүгүр келтирем«», – Төлөн ата.

Устанын колунан чыккан комуздар 8000 сомго чейин бааланат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында кызамык менен ооруп 171 бейтап жатат
Next Article Бишкектеги №67 мектепке 11 кабинет кайтарылды, бирок ЖРТга даярдоо мекемеси ишин улантат,

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.