Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Базар-Коргондо нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел жүрдү
Янгиликлар

Базар-Коргондо нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел жүрдү

Май 4, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Базар-Коргон районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, бир нече турак жайдын короо-жайын суу каптады. Мындан тышкары Арстанбап—Базар-Коргон жана Базар-Коргон—Жай-Терек унаа жолдорунун айрым тилкелерин суу бөгөп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Аккулов билдирди.

Анын айтымында, 2-май күнү саат 13:05тер чамасында жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн агын суулар Арстанбап айыл аймагындагы Гумкана айылында жайгашкан 2 турак үйдүн арткы бөлүгүнө кирген. Ошондой эле Жарадар айылындагы сел Жарадар сайынан жүрүп, дагы 1 үйдүн там аркасына суу кирген.

Тараша колотунан келген сел суулары Базар-Коргон—Кызыл-Үңкүр унаа жолунун төрт бөлүгүндө топтолуп, жалпы 2 чакырым жол жабылган. Бул тилкеден 12 миң м3 сел калдыктары тазаланып, жол каттамы кечки саат 21:00дө толук калыбына келтирилген.

Андан сырткары, Кеңеш айыл аймагындагы Каба айылында саат 14:50 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен да сел жүргөн. Айыл башчыларынын айтымында, турак жайларга суу кирген эмес. Бирок Базар-Коргон—Жай-Терек унаа жолунун 60 метрге чукул бөлүгүн сел жеп кеткен. Жол каттамы токтоп, куткаруучулардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  аракети менен саат 21:00гө карата жол бир тараптуу ачылган.

Ошондой эле Жай-Терек жолунда дагы эки жерде сел суулары жээкти жеп, техникалар үчүн кооптуу кырдаал жаралган. Жол саат 01:37де калыбына келтирилип, суу нуктары туура жолго багытталган.

Буга чейин Turmush басылмасы кечээ жааган жамгырдан улам Аксы районунда да сел жүрүп, бир нече турак жайдын короосун жана үч социалдык объектини суу каптаганын жазган.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБаткендин эң ысык аймагында өрүк бышып, сатыкка чыга баштады
Next Article Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.