Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрликти түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Жаңы эки министрлик түзүлдү:
– Мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Агартуу министрлиги;
– Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлдү.
Кол коюлган жарлыкка ылайык, КР президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү.
«Жарлык илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө системалуу өз ара байланышты жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга багытталган мамлекеттик башкаруунун интеграцияланган жана натыйжага багытталган системасын түзүү, жогорку билим берүү, илимий жана инновациялык иштер чөйрөсүндө башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө жана инновациялык иштерге катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында кабыл алынды», – деп айтылат маалыматта.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
