Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Бир торпогун сатып, ишкерчиликти баштаган Даражан Конокбаеванын ийгиликтери
Янгиликлар

Бир торпогун сатып, ишкерчиликти баштаган Даражан Конокбаеванын ийгиликтери

Май 3, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Кайырма-Арык айылынын 42 жаштагы тургуну Даражан Конокбаева үй-бүлөсү менен тигүү тармагында алектенет. Ал ишкерликти кантип баштап калганын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен ар бир айым өңдүү эле үйдө ар нерселерди тигип коёт элем. Коронавирус пандемиясы башталып, “беткап кийгиле деп” калышты. 2 балама беткап тигип бердим. Ошол кезде абысыным мектепте мугалим болуп иштечү. Ал мага “кынаптап, сонун тигиптирсиң, мектептегилер сурап жатат, тигип берчи”деп калды. Анан күндө 50-100 даана беткап тигип берип жүрдүм, абысыным сатып берди. Анан бири-биринен угуп, телефон чалып, буюртма бере башташты. Өзүм Караколго алып келип сатып жаттым. Анан материал алганы барып, шейшеп тигип көрүүнү ойлондум. Алгач тиккен шейшептерди туугандарга саттым. Ошентип, менин үй-бүлөлүк кирешем артып баштады», – дейт ал.

Анын айтымында, балалык кыялы орундалып жатат.

«Бала кезимде тикмечи болууну кыялданчумун. Кийин кесип тандоого келгенде медайым болууну чечкем. Бирок шартка байланыштуу мугалимдик кесипти окудум. Турмушка чыгып, кесип алып иштебесем да өз кыялымды орундатууну каалачумун. Мынтип балалык кыялым болгон тикмечилик менен алектенип калдым. Учурда кызым экөөбүз шейшеп бычабыз, мен тигем, жолдошум кнопка басат», – дейт ал.

Каарманыбыздын тиккен шейшептери облуста брентке айланды.

«Ушул ишти баштап жатканда жолдошум бир торпок сатып, акчасына шейшеп алгам. Торпок акталды деп күлүп калам. Алгач билбей түлөп кете турган шейшеп сатып алып, кардарларым нааразы болгон. Кийин сапатына карап алып калдым. 100 миңдеп карыз болуп алып тигем. Сатыктагы баасы базардыкындай эле. Бир жумада 20 даана шейшеп тигем. Биринен бири угуп эле чала беришет. Айымдарга ыңгайлуу болуш үчүн онлайн тайпа түзүп, “шейшеп касса” деп баштап алгам. 300-500 сомдон касса ойношуп, учуру келгенде шейшеп алышат. Төлөп отуруп, кезеги келгенде бекер алгандай сүйүнүп калышат. Алардын ыраазычылыгы мага стимул берет. Азыр мен тиккен шейшептер Бишкекке чейин кетип жатат», – дейт ал.

Даражан Конокбаева 2 баланын энеси.

 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleСадыр Жапаров Ысык-Көлгө барды
Next Article Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.